Ноокатта көзү азиз жарандар интеллектуалдык сынакта күч сынашты (фото)

«Мухсин-Нур» көзү азиздер коому тарабынан Ноокат районундагы «Сахаба» эс алуу жайында көзү азиз жарандар арасында интеллектуалдык сынак болуп өттү.

«Мухсин-Нур» көзү азиздер коомунун жетекчиси Умаржан Ыманбердиевдин айтымында, коомго мүчө болгон 10дон ашуун катышуучу Куран окуу, сүрөт табуу, оозеки дуба айтуу жана арабча сөздөрдөн сүйлөм түзүү боюнча күч сынашкан. Катышуучуларга атайын сүрөт тартылган кагаздар берилип, сүрөт эмне жөнүндө экендигин ийне менен чегилген тамгалар аркылуу табуу тапшырмасы берилди.

Мындан сырткары, катышуучулар сезимталдуулугу жана жаттоо чеберчилиги аркылуу Курандын сүрөлөрүн кагазга чегилген тамгалар аркылуу окуп, оозеки сөздөрдү которуп кураштыруу жана дубаларды жатка айтуу менен көрүүчүлөрдү таң калтырышты.

Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө жана жалпы катышуучуларга облустук казыят тарабынан турмуш-тиричиликке керектүү буюмдар тапшырылып, сый тамак уюштурулду.

«Мухсин-Нур» көзү азиздер коому көзү азиз жарандар үчүн Брайл тамгасынын жардамы менен диний жана адабий китептерди которуп, жарыкка чыгарып турат.

Turmush 

02.08.2016

http://www.turmush.kg/news:306931

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*