Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга камкордук

Ош шаардык мэриясынын  жыйындар  залында “Балдардын  баары балалыгын  бактылуу өткөрүүгө тийиш” деп эсептеген Альянстын тарапкерлери менен   мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга инклюзивдүү билим  берүүнүн маселелери талкууланды.   Жыйынга мэриянын  социалдык жактан өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы  Салтанат Аманова, турмуштук оор кырдаалдарда  балдардын укугун жана кызыкчылыгын коргогон  бейөкмөт уюмдардын  активдүү  жетекчилери, шаардагы мектептердин  соцпедагогдору,ошондой эле (РМСУ)  РГСУ нин Оштогу  филиалынын ушул багыттагы  атайын кызматкерлери катышты.

Жыйынга  катышкандар өз ара тажрыйбаларын бөлүштү,  мындай  категориядагы  балдарды мектепке  даярдоону алдын-ала жүргүзүүнү, башка балдардай эле билим алууга , эс алууга,  жөндөмүнө  жараша кесипчилик-техникалык окуу жайын бүтүргөндөрдү иш менен камсыздоого жардамдашуу сунушун  колдошту. Шаардагы  мүмүкүнчүлүгү  чектелген  балдардын  тизмесинин атайын  базасын түзүүнүн, алар менен иштөөдө   медициналык-психологиялык жана педагогикалык кеңеш берүүгө  өзгөчө көңүл бурууну, инфраструктура  катары  алар менен иштөөгө ыңгайлуу инклюзивдик чөйрөнү түзүүнүн  ошондой  эле  жардамга муктаж болгон  балдарга позитивдүү мамиле жасоонун зарылдыгын  белгилешти.

“Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн инклюзивдүү билим берүүнүн”тарапкерлеринин  Альянсын  2016-жылдын март айында “Инклюзивдүү билим берүү — Ооба”   ЮСАИД жана  ПСУ Ист-Вест Менеджмент Институтунун программасынын негизинде  «Смайл КейДжи» коомдук фонду  уюштурган.Альянстын негизги ишмердүүлүгү мүмкүнчүлүгү чектелген  балдарга инклюзивдүү билим берүү менен мектепке чейинки жана мектеп жашындагы майып балдар башка балдардай эле билим алууга укуктуулугун, кесиптик билим берүүдө  атайын реабилитациялоочу  тайпаларды өнүктүрүүнү жана  алардын  ден соолугу  үчүн кам көрүүнү максат кылган.

  Ризван Исмаилова, Ош шаары

 

http://goo.gl/JsNjpA

 

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*