Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар Ысык-Көлгө, “Оберег” калыбына келтирүү борборунун Тоң районунун Кажы-Сай айылындагы “Ысык-Көл” филиалына эс алууга жиберилишти. Бүгүн, 3-августта балдардын экинчи тобу жөнөтүлдү. Бул иш-чара Бишкек муниципалитетинин демилгеси менен “Оберег” калыбына келтирүү борборунун шериктештигинде уюштурулууда.
“Ысык-Көл – үмүт менен ден соолуктун жээги” деп аталган долбоордун алкагында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 130 улан-кыз, 104 бала шаардык райондордон жана “Оберег” калыбына келтирүү борборунун 26 тарбиялануучусу ден соолукту чыңдоо жана калыбына келтирүү максатында иштейт. Балдардын социалдык интеграциясы үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Бул тууралуу бүгүн, 3-августта мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Фото: Мэриянын басма сөз кызматы
Leave a Reply