Ак-Суудагы психоневрологиялык мекемеде «Зордук зомбулуксуз жашоо» темасы талкууланды (фото)

 Бүгүн, 28-июлда Ак-Суу районунун психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинде «Зордук зомбулуксуз жашоо» деген темада тегерек стол болуп өттү, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Ага акыйкатчынын Ысык-Көл облусундагы өкүлү Өмүрбек Таамаев, облустагы укук коргоо органдардын кызматкерлери, социалдык кызматкерлер, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Аталган иш-чара коомдогу зордук-зомбулукту токтотуу максатында Акыйкатчынын облустагы өкүлүнүн демилгеси менен уюштурулду.

«Тегерек столдун бул мекемеде өтүшү да бекеринен эмес. Себеби, бул жерде тагдыры татаал бейтаптар көп. Аларга түзүлгөн шарттар дагы жакшы. Бул мекеменин ички жана сырткы көрүнүшү ар бир мекемеге үлгү боло алат», – дейт Ө.Таамаев.

Эскерте кетсек, ушул мекемеде бейтаптарга адамгерчиликсиз мамиле жасалат деген маалыматтан улам 80ге жакын текшерүү болуп, жыйынтыгында бул маалымат чындыкка дал келбегендиги аныкталган.

Turmush

28.07.2016

http://www.turmush.kg/news:306428/?from=kg_turmush&place=newstoplast

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*