Кызыл-Кыя шаарында Акмөөр Маматова жашаган үйгө 21-июлга караган түнү белгисиз адамдар кирип, 1 млн 300 миң сом акчасын, үйдүн ичи-сыртына коюлган камераларды монитору менен кошо уурдап кетишкен. Мындан тышкары, бир уюлдук телефон уурдалган. Бул тууралуу жабырлануучу өзү кабарлады.
«Мени тааныгандар атайын уюштурду окшойт. Ошол күнү кошунам кечки тамактанууга чакырып, үйдө эки өспүрүм кызым калган. Алар уктап жатканда уурулар үйгө кирип, акчаны жана камераларды уурдап кетишиптир», – деди Акмөөр Маматова.
Бул маалыматты Баткен облустук ички иштер башкармалыгы тастыктап, иликтөө иштери жүрүп жатканын маалымдашты.
Жабырлануучу Кызыл-Кыя шаарындагы базарда соода кылат. Ден соолугуна байланыштуу 1-топтогу майып.
Turmush
28.07.2016
http://www.turmush.kg/news:306408/?from=kg_turmush&place=newstoplast
Leave a Reply