Тилектештик автобусу укуктук кеңештерди берет

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин адистери  2016-жылдын 22- июлунда алгачкы жолу “Тилектештик автобусу” менен  Кемин районунун Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө барып, муктаж болгондорго юридикалык кеп-кенештерди  берип келишти.

“Тилектештик автобусу” Юстиция министрлиги тарабынан ПРООНдун колдоосу астында жүзөгө ашууда. Бир автобус толтура юристтер, нотариустар жана адвокаттар мындан ары Кыргызстанды түрө кыдырып, жумасына үч жолу айыл элинин суроолоруна жооп беришет. Журналисттер коштоп барган Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүндө негизинен эл жер талаш, үй талаш, ипотека, алимент, соттолгон адамдардын укугу жөнүндө сурашты. Алар үчүн Юстиция министрлигинин жана Чүй-Бишкек юридика башкармалыгынын адистери жооп беришти.  Журналисттер менен юристтердин документи  ишмердүүлүгүн жүзөгө ашыруу алкагында профессионалдуу юристтер  жер-жерлерге барып, юридикалык маселелер: доо арызын жана башка арыздарды, ходатайство каттарын, сот жана укук коргоо органдарына арыздарды жазуу, мураскерликти  каттоо, алимент алуу, үй-бүлөлүк жана эмгектик талаш-тартыштарды чечүү боюнча жана мыйзамдарды түшүндүрүү багытында кеп-кенештерди беришет. Мындан ары “Тилектештик автобусу” Ош жана Чүй облусунун айылдарына жана алыскы элдүү пункттарга жүрүш уюштурат.

IMG_3100

IMG_3096

Сымбат Максутова

22.07.2016

http://goo.gl/58Gu4i

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*