“Тилектештик автобусу” Кыргызстандын бардык алыскы айылдарына акысыз юридикалык жардам көрсөтөт (Фото)

IMG_5154 IMG_5144 IMG_5134 Жительница 2

Сейдалиева М.

Асыйкан Койчуманова Жительница 1

2016-жылдын 22 июлунда алгачкы жолу “Тилектештик автобусу” долбоору Кемин районунун Кызыл Октябрь айыл өкмөтүндө өзүнүн ишин баштады.

Бул долбоордун алкагында Кыргыз республикасынын Юстиция министрлигинин адистери  муктаж болгондорго акысыз юридикалык кеп-кенештерди  беришет. Профессионалдуу юристтер  жер-жерлерге барып, юридикалык маселелер: доо арызын жана башка арыздарды, ходатайство каттарын, сот жана укук коргоо органдарына арыздарды жазуу, мураскерликти  каттоо, алимент алуу, үй-бүлөлүк жана эмгектик талаш-тартыштарды чечүү боюнча жана мыйзамдарды түшүндүрүү багытында иштешет. “Тилектештик автобусу” Ош жана Чүй облусунун айылдарына жана алыскы элдүү пункттарга жүрүш уюштурат.

Айнура Алымбекова

Бириккен улуттар уюумунун Өнүктүрүү программасынын “Кыргыз Республикасында сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү” долбоорунун жетекчиси Айнура Алымбекованын айтымында долбоор тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөдө элдин аяр катмарынын укуктарынын бузулушунун эң негизги себептери катары юридикалык кеңеш берүүчү уюмдардын айылдардан кыйла алыс жайгашуусу, укуктук кызмат акысын төлөй албагандыгы, ар кандай документтердин жоктугу жана эң негизгиси элдин өз укугун билбегендиги болуп табылган. “Ар адамдын, өзгөчө элдин аяр катмарынын ар биринин укугу толук корголгон, акыйкат, укуктук коом түзүшүбуз керек. Айрымдар мага мунун кереги жок деп ойлошу мүмкүн. Мүмкүн бизге кереги жок болушу мүмкүн, бирок биз келечек муун үчүн акыйкат коом түзүүгө умтулушубуз керек. Эгерде биз укугубузду коргой билсек, милдетибизди аткара билсек, биздин балдарыбыз дагы укугу үчүн күрөшкөн, милдетин так аткарган атуулдардан болот”, – деди А.Алымбекова бүгүнкү иш-чарада.

“Тилектештик автобусу” ишмердүүлүгүнүн негизги максаты – жарандардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын жана укуктарын коргоого көмөктөшүү жана укуктарын түшүндүрүү.

Жер-жерлерге барып, элге укуктук жардам көрсөтүү иши 2016-жылдын март айында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кабыл алган “Элдин укук маданиятын жогорулатуу Концепциясы” токтомун жүзөгө ашыруу алкагында болуп жатат. Концепциянын приоритеттүү милдеттеринин бири  – инсандын коомдогу  укук ченемдүү жүрүш-турушун жана мыйзамды сактаган жаранды калыптандыруу. Концепциянын негизги милдеттери катары  укуктук тарбия берүү программасын өркүндөтүү, укуктук тарбия берүү практикасынын методдорун жакшыртуу, массалык маалымат каражаттары жана мамлекеттик органдар аркылуу жарандардын укуктук маданиятын жогорулатуу, адам укугун сактоо маданиятын жайылтуу каралган.

IMG_5244 IMG_5285

Юстиция министрлигинин укуктук пропаганда башкармасынын жетекчиси Айбек Чотоновдун пикири боюнча, социалдык-экономикалык катаал жагдай акыбалды чыйралтып, укуктук нигилизм сыяктуу социалдык кемчиликтердин өнүгүшүн шарттайт. Бул өз кезегинде индивиддин укук сактоого терс мамилесин калыптап, мыйзамсыздыкты актоого алып келет. Кыргыз Республикасындагы укуктук маданияттын учурдагы абалын  анализдөө жарандар өз укуктарын билбегендигин, укугун жүзөгө ашырууну каалабагандыгын жана билбегендигин, өз укуктары менен эркиндигин   мыйзам белгилеген тартипте коргой албагандыгын аныктады. Бул анализ көрсөткөндөй, учурда мамлекет дагы, коом дагы укуктук маданияттын калыптанышына, өлкөдөгү укуктук сабатсыздыкты жоюуга кызыкдар. Ушуга байланыштуу КР  Юстиция министрлиги БУУӨПтүн “Кыргыз Республикасындагы сот адилеттигине  мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү” долбоорунун колдоосу менен “Тилектештик автобусу” деген долбоорду жүзөгө ашырууну баштады.

Белгилеп кетүүчү нерсе,  бул долбоор 2016-1017-жылдары ишке ашат, андан ары Кыргыз Республикасынын бардык облустарына киргизилмекчи.

 Касиет Карачолокова

23.07.2016

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*