Айыл турмушу: Исфаналык А.Тажимуратов майып жердештеринин протез буттарын акысыз оңдоп берет (фото)

Лейлек районунун Исфана шаарынын тургуну Абдинаби Тажимуратов протез буттарды оңдоо менен майып жарандарга жардам берет. Уста бул тууралуу Turmushбасылмасынын аймактык кабарчысына берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, бул кесипти 1991-жылдан бери аркалап келет.

«Протез оңдоону Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгон 1991-жылы Бишкекке барып үйрөнүп келгем. Ал ортодо 6 жыл башка жумушка өткөндүгүмө байланыштуу бул кесипти токтотууга туура келди. 2012-жылы кайрадан белсенип, майыптарга жардам бере баштадым. Лейлек райондук ооруканасы менен келишим түзүлгөн. Ага ылайык, ал жактан да бөлмө берип, маяна чегерип беришкен. Албетте, ал маяна менен тиричилик кылуу мүмкүн эмес. Ошондон улам шаардан ижарага жай алып, тургундардын бут кийимин оңдоп берип, киреше табам. Мүмкүнчүлүгү чектелген жердештерим дагы ушул жерге келип, протездерин таштап кетишет. Аларды дагы акысыз оңдоп берем.

Мындан тышкары бир буту узун, бир буту кыска мекендештерибиз бар. Алардын бут кийимдерин да өздөрүнө ыңгайлаштырып берем. Анткени адам аксап баскандыктан, куймулчак ооруп адамды кыйнайт. Ошондон улам мындай адамдардын түз басуусу үчүн бут кийиминин бир такасын бийик, бир такасын жапыз кылып жасап берем. Келгендер ыраазычылыгын билдирип кетишет», – деди Тажимуратов.

Turmush 

12.07.2016

http://barakelde.turmush.kg/news:303893

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*