Министр Кудайберген Базарбаев 12 жаштагы майып Т.Алтымышев жасаган боз үйдү 7 миң сомго сатып алды

1467778157_86913500

Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев мүмкүнчүлүгү чектелген 12 жашар Тилек Алтымышев менен жолугушту. Мүмкүнчүлүгү чектелүү Тилек учурда үйдө кол өнөрчүлүк менен алектенет. Бул тууралуу Аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

“Тилек биз үчүн каармандыктын үлгүсү боло алат. Ал ооруга карабастан кыйынчылыктарга моюн сунбай, эрдик менен жашоо кечирип келет. Биздин министрлик коомдун майып адамдарга карата мамилесин гумандаштыруу жана майып адамдарды кадимки жашоо-шартка ыңгайлаштыруу саясатын жүргүзүп келет. Биз өмүрү короосунан сыртка чыкпаган балдарды район борборлоруна алып барып, “Жүрөктөн жүрөккө” акциясын өткөрөбүз. Ар бир балада жашоодо бир максатка жете алам деген үмүт болушу керек”, – деди К.Базарбаев.

Министр К.Базарбаев жаш кол өнөрчүгө үч кап таякчаларды жана желим ала барды. Ошондой эле, ага кышкы кийим кече жана Тилектин үй-бүлөсүнө азык-түлүк баштыгы тартууланды.

Тилек Алтымышев учурда эки карындашы жана майып атасы менен жашайт. Ал майыптыгы үчүн болгону айына 3 миң сом алат.

Жолугушууда министр Тилек жасаган оюнчук боз үйдү 7 миң сомго сатып алды.
“Бул сага жакшы демилге болуп, кардарларын мындан дагы көбөйсүн”,-деп кошумчалады министр.

Бишкек/Кабар/

6-июль 2016

http://kabar.kg/kyr/society/full/75118

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*