Министр Базарбаев 12 жаштагы мүмкүнчүлүгү чектелген Тилектин колунан жасалган сувенир-боз үйдү 7000 сомго сатып алды – ФОТО, ВИДЕО

https://www.youtube.com/watch?v=k-7cvRrR7OA&feature=youtu.be

ELTR TV

Кечээ, 5-июль -Айт күнү Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбев Чүй айылында жашаган 12 жаштагы Тилек Алтымышевдин үйүндө болуп, баланын абалы, жашоо-шарты менен таанышты.

Мүмкүнчүлүгү чектелген чебер балага сувенир жасоого керектүү үч мүшөк таякча, клей, ж.б. керектүү буюмдарды, андан сырткары кышкыга жылуу кийим, таттууларды, үй-бүлөсүнө азык-түлүк ала барган министр “мындан ары кардарларың көп болуп турсун” деген тилек менен Тилектин таякчадан жасаган сувенир боз үйүн 7000 сомго сатып алды.
– Тилек баарыбыз үчүн атуулдук каармандыктын үлгүсү боло алат. Ал оорусуна карап, тагдырга моюн сунуп олтуруп калган жок, -деген министр  Кудайберген Базарбаев Тилектин кол өнөрчүлүк кылып отурганын баалап, ага ийгилик каалады.

Министр менен биргеликте Токмок райондор аралык мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды реабилитациялоо медициналык-социалдык комиссиянын кызматкерлери да болушуп, Тилекти реабилитациялоо боюнча жекече программа иштеп чыгышаарын билдиришти.

Тилек Алтымышев тууралуу алгач коомдук активист Марат Абдраев социалдык түйүндөрдө жазып чыккан. Андан соң айрым телеканал, сайттар коомчулукка маалымат таратышкан. Тилек эки эжеси жана атасы болуп Чүй айылында жашайт, ата-энеси беш жыл мурда ажырашып кетишкен. Атасы да 2-топтогу майып.

6-июль, 2016-ж.

http://goo.gl/dqPNi0

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*