Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 12 жашар Тилек Алтымышев жасаган үй, мечиттердин үлгүлөрү

Бүгүн, 5-июлда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 12 жашар Тилек Алтымышевди Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги барып көрдү. Тилек балмуздактын таякчасынан, ширеңкеден үй, мечиттерди жасайт. Ага үй, мечиттин үлгүлөрүн жасоо үчүн таякчалар, клей жана кышкы кийимдер белекке берилсе, үй-бүлөсүнө азык-түлүктөр берилди. Тилекти Токмок медициналык социалдык комиссиясынын жана Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин реабилитациялык борборунун кызматкерлери да барып көрүштү. Тилекке жеке дарылоо программасы иштелип чыгат.“Тилек биз үчүн жарандык эрдиктин үлгүсү катары кызмат кылат. Кыйын ооруга карабай ал жеңилген жок. Ар бир ушундай өзгөчө бала жашоодо көп нерсеге жетишүүгө мүмкүнчүлүгү бар экенин билиши зарыл”, – деди К.Базарбаев.

Тилек Алтымышев тууралуу социалдык тармактарда коомдук активист Марат Абдраев айтып чыккан. Ал 5 жашка чыкканда ата-энеси ажырашып кетишкен. Ошондон бери эки эжеси, атасы менен чогуу жашайт. Майыптыгы үчүн өкмөттөн 3000 сом өлчөмүндө жардам алат. Атасы Нурбек Курманалиев II топтогу майып.

Тилектин атасы Нурбек Курманалиев (оң жакта)
Фото: Турсунай Алымкулова
Автор: Турсунай Алымкулова
05-07-2016
http://www.super.kg/mobile/kabar/news/153175/

 

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*