“Майыптыгың боюнча 3 миң сом пенсияң бар деп жөлөкпул бербей коюшуп, көчөдө калдым” дейт 5 баланын энеси

153101_13 153101_10 153101_18 153101_7 153101_18 153101_17 153101_1 153101_5 153101_19 153101_20 5топтогу майып 153101_22 153101_21

Бишкекте Ак үйдүн алдына 6 айлык баласын колуна кармап митингге чыгып, президентке кайрылып турак жайдан жардам болор деген үмүткө жетеленип жүргөн Баткен шаарынын тургуну Махабат Сулаймановатуурасында кеңири маалымат берүүгө аракет жасадык.

Тагдырдын оор сыноосуна кабылып, 5 баласы менен Бишкекте кээде ачка калып, кээде ток болуп кыйын күндөрдө жашап жаткан жалгыз бой эне Махабат Сулайманованын батирдеги жашоо-турмушу менен тааныштык. Ал батирди “Ош базарынын” тегерегинен тапкан.

“Баткен шаарында жашаганга жерим жок 5 балам менен Бишкекке келе бердим. Бул жакта тааныш эжеге жолугуп калып, ал эже убактылуу жашаганга бир бөлмө таап берди. Ага жолукканга чейин күнүнө 100 сом төлөп ар жерде жашап жүрдүм. Жашаган жерим аябай начар. Эч жактан киреше жок. Жашоом күндөн-күнгө оорлошуп баратат. Батирге бир ай үчүн 2500 сом таап бере албай жатам”, – деп билдирди Махабат Сулайманова.

“Жолдошум балдарын карабай кетип калган. Андан эч кандай жардам болбойт. Эки жолу турмушка чыктым. Турмушумду алып кете алган жокмун. Биринчи күйөөм ичип кетип ажырашсам, экинчиси балдарымды өгөйлөп, уруш-жаңжал көбөйүп, мага кол көтөрө баштады. Аргасыз ажырашууга туура келди. Экөө менен тең нике тууралуу документ алган эмесмин. Балдарыма жалгыз бой эне деп күбөлүк алгам”, – деп кошумчалады Сулайманова.

Сулайманова: “Майыптыгың боюнча 3 миң сом пенсия алат экенсиң деп Баткен шаардык социалдык коргоо башкармалыгынын башчысы Алмаз Эрмамат уулу жөлөкпул чегербей койгон. Мени карабай, таптакыр көңүл бурбай жатышат”, – дейт.

Баткен шаардык социалдык коргоо башкармалыгынын башчысы Алмаз Эрмамат уулуна байланыштык.

“Биз бул келинге жардам берүүгө аракет жасап жатабыз, бирок анын балдарынын документтери так эмес болууда. Учурда Баткен шаардык сотуна кайрылып жатабыз. Алимент албайт деген тактама берсе, башка документтерин тактап жөлөкпул чегерип берүүгө даярбыз”, – деп билдирди ал.

Махабат Сулайманова тууралуу бул маалымат даярдалып жатканда Алмаз Эрмамат уулу бизге байланышка чыгып, Махабат Сулайманованы Баткенге чакырып, жол акысын жана жолдогу тамак-ашка кеткен чыгымын толугу менен төлөп берерин айтты.

Майыптыгым боюнча 3 миң сом пенсия алам. Айылга кетүүгө акчам жок кыйналып жатам. Балдарыма жөлөкпул бербей жатат деп Ак үйдүн алдына митингге чыгып, SUPER.KG`ге берген маегим коомчулукка чыккандан кийин Баткен шаардык социалдык коргоо башкармалыгынын башчысы Алмаз Эрмамат уулу телефон чалып мени чакырды. Жардам берет окшойт“, – дейт Сулайманова.

Сулайманованын экинчи уулу Имамалы уулу Ильяз колунан калемин түшүрбөй сүрөт тартып, жазуу менен алектенет. Апасынын жана инилеринин ачка отурганын түшүнгөн ал кечкисин токтоп турган унааларга, ашкана, кафелерге жана үйлөргө барып жарамазан айтат. “Жарамазан айтып тапкан акчамды апама алып келип бердим. Апам бизге нан, шириндиктерди алып берди”, – дейт Ильяз.

Бактылуу балалык, жайкы эс алуу, балдар менен сууга түшүү мында турсун, оюнчуктары да жок.

Жайкысын кышкы өтүк кийип жүргөн Искендер “келечекте апамды ыйлатпай багам” деген аруу тилекте.

“8-класста окуган улуу балам жайкы каникулда базарда араба тартып, бизди багууга аракет кылчу. Ал азыр айылга кетип калды. Калган балдарым кичине болуп жатат. Бишкекте социалдык коргоо бөлүмүнөн келип, балдарыңды толук кандуу карай албайт экенсиң, балдар үйүнө алып кетебиз дешкенинен бербей койдум”, – деп кошумчалады Сулайманова.

Автор: Акназар Сулайманкулов
Фото: Акназар Сулайманкулов
04-07-2016
http://www.super.kg/kabar/news/153101

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*