«Кыргыз Республикасындагы укуктук маданият» аттуу мыкты видеоматериалга конкурс жарыяланат

Для конкурса 3Для конкурса 2Для конкурса

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги  БУУӨП менен Финляндия  өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасындагы  сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү” долбоорунун алкагында «Кыргыз Республикасындагы укуктук маданият» деген темадагы  мыкты видеоматериалга массалык маалымат каражаттары, телеканалдар, интернет басылмалар, социалдык медиаларды пайдалануучулар жана студенттер арасында  конкурс жарыялайт.

Видеоматериалга коюлуучу талаптар:

 

– укукка жана укукту жүзөгө ашырууга тиешелүү мамилелерди, өз укугунан пайдалана билүүнү, коюлган тыюуларды сактап, милдеттерди аткара билүүнү калыптандыруу;

 

– адамдын жана жарандын партиоттук сезимин, мыйзамды сактоону, адамдык ар-намысты сезүүнү, башкалардын укуктары менен кызыкчылыктарын урматтоону калыптандыруу идеяларын көтөрүү;

 

-жарандарды бирин-бири жана жалпы эле коомду урматтоого, коом алдында өз жүрүш-турушу үчүн жоопкерчиликтүү болууга чакыруу;

 

– күчтүү укуктук маданият калыптанган коомдо гана бактылуу, бакыбат коом калыптанары тууралуу жарандардын арасында пикирди калыптандыруу. Күчтүү укуктук маданият басымдуу коомдо гана бейкапар, стабилдүү турмуш орнойт, мындай коомдо өзүң жана жакындарың үчүн кооптонбойсуң, мыйзамдуу жолдор менен материалдык байлыкка жетүүгө эч ким тоскоолдук болбойт,  адамга жашоого жагымдуу шарт түзүлөт.

 

Бул конкурстун максаты:

Жарандардын укуктук маданиятын көтөрүү максатында маалыматтык видеоматериалдарды жасоо.

Укуктук маданият баарынан мурда калктын укуктук аң-сезиминин өнүгүү деңгээлинен көз каранды, башкача айтканда, эл адамдын укугу жана эркиндиги деген баалуулуктарды укуктук феномен катары боюна канчалык терең сиңиргенине, укуктук мыйзамдарды сактаганына жана укуктук жактан канчалык деңгээлде сабаттуулугуна, элдин социалдык, жаш курактык, кесиптик жана башка топторуна, элдин мыйзамга , сотко, укук коргоочу органдарга, укугун , эркиндигин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоонун юридикалык каражаттары менен ыкмаларына эмоционалдык мамилесине жараша болот.

 

Кыргыз Республикасында учурдагы укуктук маданияттын жагдайын анализдөө жарандар өз укуктарын билбегендигин, бекитилген мыйзамдык тартипте өз укуктары менен эркиндиктерин коргоону, аларды жүзөгө ашырууну каалабагандыгын же кантип жүзөгө ашырууну билбегендигин аныктады.

Учурда катаал социалдык-экономикалык абалдан улам социалдык кырдаал чыйралып барат, мындай социалдык жагдайдын күчөшү  индивиддин мыйзамсыздыкты жактап, укукка терс мамиле жасай турган укуктук нигилизмдин күчөшүнө алып келет.

 

Видеоматериалдар кандай абалда кабыл алынат?

  1. Видеоматериал кыргыз жана орус тилдеринде болушу мүмкүн;
  2. Файл хостингине  (youtube, namba) же видеого жүктөлгөн болушу керек (милдеттүү түрдө);
  3. Соцтармактарда (Фейсбук же Классташтарда)  жарыяланышы зарыл (милдеттүү түрдө);
  4. Жергиликтүү телеканалдардын эфирине чыгуусу керек ( колдоого алынат);

Уюштуруучулардын электрондук почтасына видео тууралуу шилтеме жана материал тууралуу кыскача маалымат : эфирге чыккан күнүн, темасын, автордун хронометражын жиберүү зарыл.

Жеңүүчүлөрдү ким аныктайт?

Жеңүүчүлөрдү кадыр-барктуу жана тажрыйбалуу медиа адистери менен Кыргыз Республикасынын Юстиция

министрлигинин өкүлдөрүнөн турган жюринин курамы аныктайт.

Сыйлыктар:

1-орунга – Ноутбук

2-орунга – Планшет

3-орунга – Уюлдук телефон

Кайда жиберүү керек?

Конкурска катышуучу өзүнүн мыкты деген 3 видеоматериалын  2016-жылдын 15-майынан тартып 30-ноябрына чейин жиберсе болот. Катта катышуучу  жеке маалыматын көрсөтүүсү зарыл: Фамилиясы, аты-жөнү, иштеген жери, окуган жери, байланышуучу маалыматтары.

Анкеталарды жана конкурстук иштерди жиберүү үчүн электрондук почтанын дареги:

meri.bekeshova@undp.org

lawkg.journalist@gmail.com

Маалымат жана кеп-кеңеш алуу үчүн телефондор: Мэри Бекешова 0(312) 394140 (148)

Анкеталарды жана материалдарды кабыл алуунун акыркы мөөнөтү: 2016-жылдын 30-ноябры, күндүзгү саат 12:00.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*