Токтогулда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар арасында спартакиада уюштурулду (фото)

Turmush –  Бүгүн, 1-июлда Токтогул шаарында райондук социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан биринчи жолу спартакиада уюштурулду, деп билдирди Turmushбасылмасынын кабарчысы.

Бул иш-чарага райондун айылдарынан каттоодо турган ден соолугунан мүнкүнчүлүгү чектелген 40ка жакын жаран келип, спорттун кол күрөш, шахмат түрлөрү жана ыр-бий боюнча сынактарга катышты.

Токтогул району боюнча ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын жалпы саны 3812 адамды түзөт. Анын ичинен 827 жаран 18 жашка чейинкилер. Каттоодо тургандар мамлекет тарабынан камкордукка алынган.

Бүгүнкү иш-чара ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды ар тараптан колдоо максатын көздөйт.

«Жакынкы күндөрү Сузак районунда уюштурулуучу облустук спартакиадага катышууну пландап жатабыз. Бүгүнкү иш-чаранын жеңүүчүлөрүнө жергиликтүү демөөрчүлөр жана айыл өкмөттөр, шаардык мэрия, ошондой эле акимият, райондук социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан акчалай сыйлык, грамоталар берилди», – деп билдирди социалдык өнүгүү башкармалыгынын жетекчиси М.Нактаев.

Токтогул шаарында өткөн жылы мүнкүнчүлүгү чектелген адамдар ортосунда облустук администрация тарабынан спартакиада уюштурулган.​

Turmus

01.07.2016

http://www.turmush.kg/news:302610

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*