Элди арак менен уулаган “Кыргызстаны” аракка кантип каршы чыксын?

скачанные файлы (21)

 

Парламенттик шайлоо астында Кыргызстанга бейиш алып келүүнү убада кылган “Кыргызстан” партиясынын ишке киришкенине бир жылга чамалап баратат. Бул фракциядан депутат болгондор шайлоо алдында берген убадаларын аткармак тургай, ал боюнча ооз ачып койгонго деле жарабады. Эми болсо бул партиядан депутат болгондор ар кандай популисттик кадамдарды жасоо менен алек.

“Кыргызстан” партиясынын өкүлү, депутат Таалайгүл Исакунова үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка каршы мыйзам демилгелеп жатат. Бүгүн мындай чийки иштелип чыккан мыйзам долбоору депутаттардын катуу сынына кабылды. Депутат Дастан Бекешов үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту кылмыш ишин козгоп токтотууга болбостугун билдирип, мунун алдын алууну күчөтүү керектигине токтолду. Анын айтымында, мындай жагымсыз көрүнүштөргө биринчилерден болуп арак себеп болуп жатат. “Сиз арак сатуу менен күрөшүүгө кызыгып көрдүңүзбү? Анткени, зордук-зомбулуктун баарысы алкоголдук ичимдиктерди колдонуудан башталат. Сиз арак менен күрөшүүгө даярсызбы, же сиздердин партия буга каршы чыгабы?”, – деп жарга такады.

Бирок, “Кыргызстан” партиясынын депутаты буга тыңгылыктуу жооп бере албай тайсалдады. Албетте, мунун да себеби бар. Анткени, “Кыргызстан” партиясынын түптөөчүсү кадимки “алкомагнат” Шаршенбек Абдыкеримов (Шаки). Бул Шаки элди арак менен уулап, анын акчасына тайраңдап гана жүрөт. Жакында эле Лондондун чок ортосунан миллиард сомдон ашкан акчага батир сатып алганы белгилүү болду. Эми арак менен пайда таап, канчалаган үй-бүлөлөрдүн талкалануусуна себеп болуп жаткан “Кыргызстан” партиясы кантип аракка каршы чыксын?

  June 30th, 2016
http://goo.gl/AnWxHw

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*