Жети-Өгүздө мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, аз камсыз үй-бүлөлөр жөлөк пулдун өлчөмүн жогорулатууну өтүнүүдө

images (18)

 

 Жети-Өгүз районундагы мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жөлөк пулдун өлчөмүн жогорулатууну суранууда, деп билдирди Turmushбасылмасынын кабарчысы.

Райондук социалдык өнүгүү бөлүмүнүн кызматкерлеринин айтымында, райондун аймагында жашаган мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөр мамлекет тарабынан берилген жөлөк пулдун өлчөмү өтө аз болуп жатканына нааразы болууда.

«Алардын көбү 1500 сом жөлөк пул алышат. Бул алардын күнүмдүк тамак-аш, кийим-кече жана башка муктаждыктарына жетиштүү эмес. Өкмөттөн жардам сурап кайрылгандар көп. Алардын турмуш деңгээли чындыгында эле аянычтуу абалда», – деп маалымдайт социалдык кызматкерлер.

Turmush 

27.06.2016

http://www.turmush.kg/news:301737

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*