Жайыл райондук социалдык өнүгүү башкармалыгы мүмкүнчүлүгү чектелген 51 адамга санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомо берди.Башкармалыктан билдиришкендей, 2016-жылы мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду алуу боюнча тендер өтүп, Социалдык өнүгүү министрлиги тарабынан «Көгүлтүр Ысык-Көл» санаториясы жана Мамакеев атындагы санаториясы менен келишим түзүлгөн.
Ушул жылдын 1-июлуна карата Жайыл райондук социалдык өнүгүү башкармалыгы мүмкүнчүлүгү чектелген 51 адамга жолдомо берди.
Turmush
30.06.2016
http://www.turmush.kg/news:302407
Leave a Reply