Үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алууда ата-эненин, коңшу-колоңдун, жалпы коомчулуктун жоопкерчилиги күчөтүлөт

скачанные файлы (20)

Үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту канткенде болтурбай коюуга болот? Мындай суроонун жообун табуу үчүн ар тараптуу ой-жүгүртүүгө туура келет. Анткени, бул өтө кеңири түшүнүк. Ата-эне менен балдардын ортосундагы өз ара мамиле, үй-бүлө мүчөлөрүнүн ар биринин мейли ал кары-картаң болобу, же келин менен кайнене болобу бири – бири менен болгон ымаланы бекемдегенде гана үй-бүлөнүн чеби урабайт.

Дагы бир маселе. Акыркы мезгилде миграциялык агымдын каражат табууга жардамы тийген менен, ошол эле учурда канчалаган балдардын кароосуз калып, тагдырын талкалап алуусуна алып келүүдө. Ажырашуулардын кесепети да өзүнчө суроо. Ошондуктан, бул багытта “Үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо жөнүндө” мыйзам долбоору даярдалып, бүгүн Жогорку Кеңештин кароосуна чыгарылды. Ага парламенттеги бардык айым депутттар демилгечи болушууда. Бул тууралуу кеңири маалымат берип депутаттар Карамат Орозова менен Таалайкүл Исакунова мыйзам долбоорунун маанисин чечмелеп “Парламент” радиосунун түз эфиринде болушту.

Депутат Т.Исакунованын айтымында, сунушталып жаткан мыйзам долбоорунун демилгечи тобуна мырза депутаттар дагы кошулуу ниетин билдиришкен. “Биз буга кубандык”,- дейт эл өкүлү.

“Мыйзамда үй-бүлө коопсуздугун камсыздап, аларды зордук-зомбулуктардан коргоо ишинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын да жоопкерчилиги күчөтүлөт.Ал эми ички иштер органдарынын берген маалыматтарына караганда, алар жылына үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктар боюнча 12 миңдей чакырууларды кабыл алышат.Бул көрсөткүч расмий катталгандары гана. Ал эми билинбей калгандары канча?! Бирок, жабыр тарткан дагы, заалымдык кылган тарап дагы бири-бирине жакын адамдардын болгондуктан, катуу жазага тартууга батына беришпейт”,- дейт Т.Исакунова.

Карылар үйүнө барып, ата-энелеринин пенсиясын алып кеткен көрүнүштөр бар экендигин айтып, үй-бүлөдөгү ашкере диний билимге умтулуучулук, туура эмес тамактануу сыяктуу көйгөйлөрдү атаган депутат Карамат Орозова Өкмөттүн алдында гендер маселеси боюнча эмнеге тиешелүү жооптуу орган түзүлбөй олтурат?- дейт.

“Ошондой эле бир кездеги окуучу кыздарды кол эмгегине үйрөткөн, алардын санитардык даярдыгын калыптандырган атайын сабактар окутулуп келген болсо, азыркы мектеп окуучулары андай түшүнүктөрдөн дээрлик алыстап калгандыгы да негизги көйгөй”,- дейт К.Орозова.

 Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

https://clck.ru/9yo8R

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*