Караколдогу бир дагы имаратка мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн пандустар курулган эмес

скачанные файлы (18)

 

Каракол шаарындагы бир дагы имарат мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жеткиликтүү эмес.

«Бирдей мүмкүнчүлүк Dream-кыял» коомдук бирикмесинин өкүлү Ринат Жаналиев билдиргендей, Каракол шаарындагы бардык имараттарда мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн шарттар жок. Имараттарда пандустар, лифттер орнотулган эмес.

«Азыр кээ бир имараттарга пандустар орнотулуп баштады. Бирок, бардык жерде эмес. Көпчүлүк жерде пандустар талаптарга ылайык курулбай жатат. Пандустар тик болуп курулуп, мүмкүнчүлүк чектелген адамдар өз алдынча кире албай жатышат. Биринчи кабатка киргенден кийин мүмкүнчүлүгү четкелген адамдар экинчи кабаттарга көтөрүлө алышпайт. Себеби лифттер орнотулган эмес. Каракол шаарынын бийлиги ушундай көйгөйлөргө көңүл бурат деп ишенебиз», – дейт Ринат Жаналиев.

Turmush 

30.06.2016

http://www.turmush.kg/news:302381

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*