Жогорку Кеңештин 30-июндагы жыйынында үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоого жана сактоого багытталган мыйзам долбоорунун концепциясы каралууда. Долбоордун демилгечиси – депутат Таалайгүл Исакунова (“Кыргызстан”).
Жыйын жүрүшүндө депутат Дастан Бекешев (КСДП) үй-бүлөлүк зомбулук менен күрөшүү үчүн алкоголдук ичимдиктерди сатууну чектөөнү сунуштады. “Үй-бүлөлүк зомбулук көп учурда арактын айынан болот. Мен убагында алкоголдук ичимдиктерди сатууну чектөөнү демилгелегем, бирок бул демилгемди четке кагып коюшкан. Сиз аракты сатууну чектөөгө макулсузбу? Партияңыз сизге эч нерсе дебейби? “Ооба” же “жок” деп жооп берсеңиз”, – деп сурады демилгечиден Бекешев.
Бирок Т.Исакунова ага так жооп бере албады. “Сиз менен дагы бул маселени талкуулайлы. Мыйзам долбооруна сунушуңуз болсо, айтып берсеңиз”, – деди демилгечи.
Leave a Reply