Лейлекте мүмкүнчүлүгү чектелген кыз-келиндер үчүн тигүү цехи ачылды (фото)

270344_g 270343_g 270341_g 270340_g 270339_g 270338_g 270337_g 270336_g 270342_g

 

  Лейлек районунун Голбо айылында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген кыз-келиндер үчүн «Канзат» тигүү цехи ачылды. Бул тууралуу Turmushбасылмасынын аймактык кабарчысына «Бабушка Эдопшн» кайрымдуулук фондунун Баткен облустук филиалынын жетекчиси Алмазбек Рахманов билдирди.Анын айтымында, аталган цех Финляндиянын «Абилис» кайрымдуулук фонду тарабынан ачылган.

«Бул долбоор финландиялык фонддун каржылоосу менен “Борбордук Азия аялдары тынчтык жана стабилдүүлүк үчүн” коомдук фонду тарабынан ишке ашырылууда.

Анын ачылышына Голбо айылынын ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген тургуну Жуманова Канзат жана Кулунду айылынын тургуну Алимова Айпери себепчи болгон. Анткени ал экөө биргеликте чакан бизнес жүргүзүү үчүн “Абилис” фондуна долбоор жазып сунуштаган. Натыйжада долбоор комиссияга жагып, алар цех ачып беришти», – дейт А.Рахманов.

Белгилүү болгондой, цехтин ачылышына жергиликтүү бийлик жана жамааттык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Мында тигүүчү кыздардын колунан жасалган буюмдардын жармаңкеси өтүп, катышуучулар улуттук кийимдерди сатып алышты. Ошондой эле, Голбо айылынын аксакалдары үчүн ифтар уюштурулуп, К.Казыев атындагы орто мектебинин жамааты чакан концерт тартуулашты.

Turmush 

17.06.2016 

http://batken.turmush.kg/news:300299

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*