Кыргыз Республикасында 18ге толо элек 28 200 баланын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген

151079_1

 

Өлкө боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын арасындагы көрсөткүчтө тубаса оорулуу болуп төрөлгөндөр 35,2 пайыз менен биринчи орунда турушат. Экинчи орунда 24,4 пайыз менен нерв системинен жабыркагандар, андан кийин 12,8 пайыз менен психиатриялык жактан ооругандар турушат. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Министрликтин маалыматына ылайык, учурда Кыргыз Республикасында 18ге толо элек 28 200 баланын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген. Алардын баары ай сайын 3000 сом өлчөмдөгү жөлөкпул алышат. Андан тышкары аларга акысыз социалдык тейлөөлөр көрсөтүлүп келет.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын саны майыптык топко күбөлөндүрүүнүн жана аны кайталап өтүүнүн эсебинен өсүүдө. 2015-жылы 12 30 бала, анын ичинен 4190у биринчи жолу күбөлөндүрүлүштү. Ал эми 2014-жылы 4208 бала алгачкы ирет майыптык топко күбөлөндүрүлүшкөн.

 
Автор: Үмүт Абдраимова
14-06-2016
Фото: Интернеттен алынды
http://www.super.kg/kabar/news/151079/

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*