Жалал-Абад ОИИБнын жетекчилиги жана өздүк курамы 1-июнь балдарды коргоо күнүнө карата жер жерлерде жайгашкан балдар үйлөрүнө, мүмкүнчүлүгү чектелген жаш өспүрүмдөргө материалдык жана моралдык колдоо көрсөтүүдө.
Алсак, Жалал-Абад шаарындагы “Ак-Жол” , “Бакыт”балдар үйлөрүнө, Ноокен районунун Шайдан айылындагы Ж.Ниязов атындагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын жатак интернатына, Сузактагы «Аль-Амаль» мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын интернатына барышып белектерди тапшыруу менен бирге акчалай жардам берилди.
Ошондой эле Жалал-Абад ОИИБ тарабынан даярдалган социалдык видео роликтерге башкы каармандын ролун аткарган Ак-Жол реабилитациялык балдар үйүнүн тарбияланып жаткан кыздарга башкармалыктын ардак грамотасы менен сыйланышты.Аталган балдар үйүнө башкармалыктын кызматкерлери менен кошо эл аралык кайрымдуулук уюмдары жана казыят өкүлдөрү, Жаштар Коому да барып материалдык колдоо көрсөтүштү.
Эске салсак, Жалал-Абад ОИИБ жыл сайын мүмкүнчүлүгү чектелген, турмуш шарты оор жана балдар үйүнүн тарбиялануучуларын Кыргызстандын кооз, тарыхый жерлерин көрсөтүп келет жана 200дөн ашуун жаш өспүрүмдөрдү Арстанбаптагы балдардын эс алуу лагерине акысыз эс алдырган.
Булак:Каганат
Июнь 01, 2016
http://kaganat.kg/?p=55430
Июнь 01, 2016
Июнь 01, 2016
Leave a Reply