Бүгүн, 30-майда Кара-Көл шаарында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 18 жашка чейинки өспүрүмдөр арасында «Кылым карыткан кыргыз элим» сынагы өттү, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.
Бул иш-чара 1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө, Тарых жана маданият жылына карата уюштурулуп, ага 9 өспүрүм катышты. Сынакта балдар майыптыгына карабай «Кара жорго» бийин бийлеп, элдик ырларды аткарып, кол өнөрчүлүгүн көрсөтүштү.
Сынактын максаты — мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын үй-бүлөдөгү, коомдогу жашоо шартын жакшыртуу, социалдык активдүүлүгүн күчөтүү, алардын чыгармачылыгын өркүндөтүү болуп саналат.
Turmush Жалал-Абад облусу, Кара-Көл
30.05.2016
http://osh.turmush.kg/news:297398
Leave a Reply