Бүгүн, 30-майда АКИpress-Ошто балдардын укугун коргоо уюмдарынын өкүлдөрү 1-июнь — Балдарды коргоо күнүнө карата маалымат жыйын өткөрүштү.
«Аяр бала» балдардын реабилитациялоо борборунун директору Зарифа Айтматованын айтымында, жыл өткөн сайын майып балдар көбөйүүдө.
«Балдарды коргоо уюмунун өкүлдөрү жыл сайын майып балдар көбөйүп жатканын айтып келе жатабыз. Мисалга алсак, 2014-жылы 1600дөн ашуун бала биздин борборго кайрылса, алардын 391и мүмкүнчүлүгү чектелген балдар болгон. 2015-жылы 978 бала кайрылса, 514ү мүмкүнчүлүгү чектелген балдар болгон. Мындай көрүнүштөр жыл санап көбөйүүдө. Майыптардын көбөйгөнүн коомчулукка эскертип келе жатабыз», – деди З.Айтматова.
«Түштүк аймакта балдардын зордук-зомбулугуна каршы атайын иш аракеттерди жүргүзөбүз. Азыркы учурда 14 райондо жана 48 айыл өкмөттө иш жүргүзүп жатабыз. Бизге көбүнчө зордук-зомбулукка кабылган жана жардамга муктаж болгондор кайрылышат.
Мурунку жылы 3 үй-бүлө балдарга зордук-зомбулук көрсөтөт деген негизде тандалган. Аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен зордук-зомбулуктун алдын алдык», – деди З.Эшмуратова.
Turmush
30.05.2016
http://www.turmush.kg/news:297300
Leave a Reply