Калктын аярлуу тобу акысыз юридикалык жардам алууда

скачанные файлы (4)

Ош, Жалал-Абад, Нарын жана Ысык-Көл облусунун бир катар райондорунун тургундары үчүн акысыз укуктук жардам алуу мүмкүнчүлүгү пайда болду.

Юридикалык консультация “Кыргыз Республикасында сот адилеттигинин жеткиликтүүлүгүн арттыруу жана укук үстөмдүүлүгүн бекемдөө үчүн жарандык коомдун ролун күчөтүү” долбоорунун алкагында аткарылып, Европа шериктештигинин каржылык колдоосу менен Кыргыз Республикасындагы Техникалык кызматташуу жана өнүгүү боюнча ACTED агенттиги, Борбордук Азиядагы Евразия фонду (БАЕФ) жана “Адилет” укуктук клиникасы” коомдук фонду тарабынан ишке ашырылууда.

Долбоор калктын аярлуу катмарынын абалын жакшыртууга багытталган, тактап айтканда, этностук азчылык өкүлдөрү, элет аялдары, жаштар жана ден соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар. Бул катмардагы жарандар акысыз укуктук колдоо алуу үчүн кайрылып, ал жардам жер-жерлерде такшалган юристтер менен өнөктөш бейөкмөт уюмдар аркылуу берилип турат.

Долбоор өзүнө Ысык-Көл облусунун Тоң, Жети-Өгүз, Ак-Суу, Түп райондорун; Нарын облусунун Ак-Талаа, Ат-Башы, Нарын жана Жумгал райондорун; Ош облусунун Алай, Чоң-Алай, Ноокат жана Кара-Кулжа райондорун; Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо, Чаткал, Токтогул жана Ала-Бука райондорун камтыйт.

Бул райондор бекеринен тандалган жок. Ишке ашырылып жаткан долбоордун алкагында ACTED кыргыз жеринде юридикалык кызмат көрсөткөндөрдүн масштабдуу картасын түзүп чыкты.

“Ошол карта түзүлүп жатканда 16 район аныкталды, бул аймактарды тандаганыбыздын себеби, алар алыс жайгашып, жашоо деңгээли өзгөчөлөнүп, башкалардан бөтөнчө акысыз юридикалык жардамга муктаж эле. Мындан тышкары интерактивдүү карта түзүлүп, ал калкка, анын аярлуу тобуна керек болгондо алардын укугун жана кызыкчылыктарын коргоп, сот адилеттүүлүгүнө жол ачат. Ал карта өзүнө республика аймагындагы мамлекеттик (соттор, прокуратуралар, милиция, адвокатура ж.б.) жана бейөкмөт (про-боно юристтер, бейөкмөт уюмдар, кризис борборлору, юридикалык клиникалар, Аксакалдар соту, Аялдар кеңеши, жеке юридикалык фирмалар, жеке адвокаттар ж.б.) юридикалык тейлөө кызматын көрсөткөндөр боюнча, ошондой эле бекер жана акча төлөгөн юридикалык кызматтар тууралуу толук маалыматты камтыйт”, – дейт ACTED`дин Кыргыз Республикасындагы программалык менеджериНазира Раимжанова.

Жарандардан түшкөн кайрылууларга жүргүзүлгөн анализ алыскы райондордун тургундарынын арасында жер бөлүштүрүүдө жана үй-бүлөлүк маселелерге байланышкан талаш-тартыш көп болорун көрсөттү.

“Жер бөлүштүрүп, жер тилкесине болгон укугун тариздөөгө байланыштуу суроолор арбын түштү. Мындан тышкары тиричилик суроолору, мисалы, коңшу жашагандар ортосунда ар түрдүү талаш-тартыштарды чечип берүү суранычы менен да кайрылгандар болду”, – дейт БАЕФ долбоорунун менеджери Калыбек Имашев.

“Жарандар үй-бүлөлүк мүнөздөгү маселелерди чечип берүү өтүнүчү менен да кайрылышты. Кеп ажырашуу, мүлк бөлүштүрүү, алимент төлөтүү, баланын атасын аныктоо, ата-энелик укуктан ажыратуу, балдарынын жашаган жерин аныктап берүү сыяктуу маселелер тууралуу болуп жатат”, – деп кошумчалады “Адилет” укуктук клиникасы” долбоорунун координатору Айнура Осмоналиева.

Долбоор координаторлорунун айтымында, калктын аярлуу тобунун өкүлдөрү юридикалык консультация жана маморгандарына арыз жана кайрылуу түзүү боюнча кеңеш алуудан тышкары керек болгон учурда сот жана укук коргоо органдарынан кызыкчылыгын коргогон өкүлдөрдү чакыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ боло алат.

“Биздин борбордон алыс жайгашкан районубузда акысыз укуктук жардам берүүчү долбоордун иштей баштаганына кубандык. Ал бизге абдан керек деп ишенимдүү айта алам, себеби тургундарыбыздын капчыгы жука болуп, кымбат юридикалык кызматты пайдалана албайт”, – дейт Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылынын тургуну.

Тигил же бул районго жоопкерчиликтүү болгон юристтин дарегин бул байланыш телефондору аркылуу билсе болот: (0312) 39-22-95; (0555) 55-02-08. Мындан тышкары forum.ebl.kg онлайн ресурсу аркылуу суроо берип, юридикалык кеңеш ала алат.

Юридикалык кызмат көрсөткөндөрдүн интерактивдүү картасы менен төмөнкү шилтеме аркылуу кирип таанышсаңыз болот: http://kartauslug.minjust.gov.kg/

30-05-2016

http://www.super.kg/mobile/kabar/news/149581/

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*