Майып балдары менен жашаган үй- бүлөөгө жардам көрсөтүлдү

20160506_125829 20160507_160143 20160508_220050

 

Түп районундагы Тасма айылынында жардамга муктаж болгон үч туубас майып балдарды чоңойтуп келе жаткан үй бүлөөгө ”Human Appeal International” кайрымдуулук фонду тарабынан жардамдар көрсөтүлдү.

Бул үй-бүлөө “Кайрымдуу бол” берүүсүнө кат жөнөтүшүп үч баласына инвалиддик каляска,үйүнө суу чыгарып, даараткана,   жуунучу жайга шарт түзүп берүүсүн суранышкан.Кат жазган күндөн көп узабай “Кайрымдуу бол” программасы  үй бүлөөнү өтүнүчүн аткара тургандыгын билдирди.

“Human Appeal International” фондунун директору Али Айоуб бул үй бүлөө  аларга кат аркылуу кайрылышып, каттын негизинде келишкендигин билдирип  өттү:

“Бир жума мурун биз бул үй бүлөөдөн кат алдык.Биздин берүүбүз  үй бүлөөгө келип өз көзүбүз менен көрүп жардам берүүнү туура көрдүк,бизге алар үй –бүлөөдө үч баласы майып экенин жазышыкан,ошондой эле балдардын ата-энеси да оорушарын билдик.Ошол себептен биз кесипетештерибиз, КТР телевиденясы  менен бирге келип жардам көрсөтөлү деп турабыз”.

олгон биринчи жардамыбыз деп  3 баласына каляска алып беришкендиктерин айтат  кайрымдуулук фондунун директору Али Айоуб.

 

Балдардын чоң апасы Атыркүл эже аты аталган уюмга кат жазгандыгын айтып өттү:

“Биз жардам көрсөткөндүктөрү үчүн үй-бүлөөбүз менен бул уюмга ыраазычылык билдиребиз.Буга чейин бизге демөөрчү болгон адамдар жок эле, алгач эле каляска берип андан соң биздин суранычыбызды аткарып жуунучу жай,даараткана салып берээрин айтышты”.

 Май 25, 2016

http://kyrgyzmedia.com/2016/05/25/tema-majyp-baldary-menen-zhashagan-j-b-l-g-zhardam-k-rs-t-ld/

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*