КАТТООСУ ЖОК ЖЕТИМ БАЛДАРГА ПАСПОРТ АЛУУДА КӨЙГӨЙЛӨР АРБЫН

1463115461_jetiom

Бишкек жана Ош шаарларында жашы жете элек кезинде кармалган эки бала абакта отурат. Аларды боштондукка чыгаруу чечими чыккан. Бирок балдар интернаттарда чоңойгондуктан, азыр паспорту жана эч жерде каттоосу жок. Ушул себептен ал экөөнү азаттыкка чыгаруу кечеңдеп жатат.


Бул тууралуу “Улыбка” коомдук фондунун жетекчиси Элмира Умарова билдирди. Анын айтымында, 1995-жылы туулган Степан Тимшин Бишкек шаарындагы 49-түзөтүү абагынан, ал эми 1997-жылкы Роман Левенцов Ош шаарындагы абактан бошотулушу керек. Бирок алар балдар үйүндө чоңойгондуктан, өздүгүн тастыктоочу документтери жана жакын туугандары жок. Ошого байланыш туу жаза аткаруу мекемеси бошотсо да, чыгаалбай жатышат.

“Бул балдардын бара турган жайы жок. Жадагалса, паспорту да жок. Мындай балдарга паспорт алуу үчүн, албетте, бир жерге каттоого коюш керек. Антпесе документ ала албайт, а ансыз түрмөдөн чыга албайт. Ушинтип булардын тагдыры оор болуп турат”,-дейт Элмира Умарова.

Учурда азаттыкка чыга албай жаткан бала 20 жашта. Балдар үйүнөн 16 жашында чыккан. Баш калкалаар жери жок, ар кайсы жумушту кылып жүрүп, уурулук үчүн соттолуп кеткен.

Жашаган жерине катталуу боюнча балдар үйүндө да маселеле чоң. Каттоосу жоктугунан Оштогу “Боорукердик” үй-интернатында 16 жаштан өткөн балдар өздүгүн тастыктоочу документин ала албай жатышат. Азыр интернаттын жетекчилиги булл маселени чечүү аракеттерин көрүүдө.

“Биз балдарга паспорт алып берүүдө алардын тууган-уруктарын табууга аракет жасайбыз. Арасында томолой жетим балдар да бар. Алар чоңойгондо туугандарын таба албаса, бир жерде каттоосу жок жүрө берет. Паспорт алаарда булл маселенин айынан көп кыйынчылык болот. Мындай учурда паспорт берилбей, документ даярдаганча балдардын жашы да өтүп кетип жатат”,- деди “Боорукердик” үй-интернатынын жетекчиси Бермет Токтосунова.

Токтосунова кошумчалагандай, “Боорукердикте” азыр бир баланын тагдыры оор болуп турат. 18 жаштагы тарбиялануучунун паспорту жок. 16 жашында интернаттан чыгышы керек эле. Бирок баш калкалаар жери жокболгондуктан, балдар үйүнүн жетекчисинен суранып, ошол жерде күн кечирип келет.

“Бул бала көчөдөн эле атын гана айтып келген. Ата-энеси же жакындары кайрылган эмес. Туулгандыгы тууралуу күбөлүгү да жок болчу. Бала 16га чыгып, паспорт алаарда, укук коргоо органдарынын жардамы менен туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн алдык. Азыр интерната жашайт деп биз көргөзмө берип, ошол жерге каттоогокоюп, паспортко документин тууралапжатабыз. Негизи “Боорукердик” үй-интернатынын эрежеси боюнча 4 жаштан 16 жашка чейин депкаралган. Эми булл баланын мындан аркы жашоосу кандай болоору белгисиз. Бизден чыгарылганына эки жыл болсо да кетпей жүрөт. Кайда бармак эле? Биз да айдап жибере албайт экенбиз”,-дейт ал.

Жарандык алуу маселеси менен иштеген бей өкмөт уюмдун өкүлдөрү балдар үйүндө чоңойгондорго паспорт алуу үчүн интернаттын атына гана каттатууга болоорун айтышат.

“Ал эми өздүгү тастыкталбаган жаран мамлекет тарбынан берилүүчү жардамдарды алуу укугунан толук ажырайт”,-дейт «Фергана өрөөнүнүн чек арасыз юристтери» коомдук бирикмесинин юристи Алмазбек Козубаев.

Кыргызстанда жетим балдар 16 жашка чыккандан кийин кайда бараары жана документти кантип алары боюнча иштеген орган жок. «Улыбка» коомдук бирикмесинин жетекчиси Элмира Умарова атайын жатаканаларды куруп, кылмышка барган өспүрүмдөр темир тор артына эмес, ошондой жатаканаларга жөнөтүлүп, тарбияланса деген сунушун өкмөткө бергени жатат. Ал жерде түрдүү өнөрлөрдү үйрөтүп, балдар психологдору алардын көзкарашын өзгөртө алса, кылмышкерлердин саны азаярына үмүттөнөт.

Материал БУУӨПтүн “КРдеги сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү” долбоорунун алкагында даярдалды

Адина Досумбетова

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*