Ош шаарында «Баатыр эне» медалдары тапшырылып, майып балдардын апалары сыйланды (фото)

250979_g250980_g250981_g250982_g

Бүгүн, 20-майда Ош шаарында 419 эне «Баатыр эне» медалы менен сыйланды. Алардын арасында 15тен ашык баланы тарбиялап өстүргөн энелер бар.

Ошондой эле, мамлекеттин өнүгүүсүнө салым кошкон мугалим, жазуучулар, медицина кызматкерлери жана мыкты спортчулардын, мыкты окуган студенттердин апалары да сыйланды. Сыйлыкты шаар мэри Айтмамат Кадырбаев тапшырды.

Сыйлангандардын арасында 6 миллионунчу кыргыз жараны Айлиндин апасы Рахат Белекова да бар.

Кыргызстандын 6 миллионунчу жараны Айлин 2015-жылы 25-ноябрда саат 18:12де Ош шаарындагы төрөт үйүндөжарыкка келген. Ал Улуттук гвардиянын №703 аскер бөлүгүнүн командири Алмаз Кожошев менен 39 жаштагы Рахат Белекованын 6-баласы болду. Эми алар 3 уул менен 3 кыздын ата-энеси.

Ошондой эле бүгүн Ош шаардык кеңеши майып балдарды тарбиялап жаткан 5 энени 2 миң сомдон акчалай сыйлык менен сыйлады. Алардын ичинде 19 жылдан бери майып балдарын багып келгендер бар.

Turmush

20.05.2016

http://osh.turmush.kg/news:295820

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*