Министрлик мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарда үйдө жана көчөдө арабалары болушунун үстүндө иштеп жатат

КРнын эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарда үйдө жана көчөдө жүргөн арабалары өз өзүнчө болушунун үстүндө иштеп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 6-майда БУУ системасынын агенттиктеринин аткаруу кеңештеринин мүчөлөрү менен жолугушууда министр Кудайберген Базарбаев билдирди.

«Биз баарыбыз СССРден чыкканбыз, анда болсо майыптык жок болчу. Анткени бир категория интернаттарда болсо, башкалары үйлөрүндө болушчу, жана эч кими коомго чыкчу эмес. Бүгүнкү күндө бир жагынан коомду гуманизациялоо, экинчи жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды адаптациялоо жүрүп жатат», – деди ал.

Министрлик райондордо жана облустарды ар кандай иш-чараларды өткөрүүдө, деди ал.

Turmush

06.05.2016 

http://www.turmush.kg/news:293662

4 Comments

  1. Саламатсызбы менин атым Эгемберди уулу Самат жашым 20да мен баса албайм мен окуу жайда окугум келет кай жерге барсам болот жардам бериниздерди суранам мен Жалал-Абад областынан болом.

    • Саламатсызбы, урматтуу Самат. Суроо бергениңизге чоң рахмат. Тилекке каршы биздин сайт кайрымдуулук фонд эмес. Азыр бардык уюмдар майыптарга окуу жайларга жана башка мекемелерге кирүүгө шарт түзүп берүүнү өкмөткө талап кылып жатышат. Бирок ал талаптарды өкмөт тез арада аткара албайт бюджетте акча жетпестиктин айынан. Сизге ким жардам бере аларын билип, кайра жазабыз.

Leave a Reply to Samat.96 Жоопту жокко чыгаруу

Your email address will not be published.


*