Баткен шаарынын тургуну Мээрхан Кулпидинова 4 жылдан бери шаардагы ажааткананы иштетүү менен тиричилик кылып келген. Бирок аны ажааткананын ээси жумушунан негизсиз бошотконун айтууда.
Бүгүн, 28-апрелде АКИпресс-Баткенде өткөн маалымат жыйында билдиргендей, анын жолдошу мындан 18 жыл мурун оорудан улам каза болгон. Андан бери бир уулу менен бир кызын жалгыз бой багып келет.
«Ажааткананын ээси Токтобай “сен аз акча таап жатасың, күнүнө 150 сомдон беришиң керек болчу” деп кубалап жиберди. Мен келишим боюнча ага күнүнө 100 сомдон берип турчумун. Эми ал күн сайын 300 сомдон бересиң деп мени мажбурлап жатат. Мен башка жакта иштебейм, балдарымды ушул жерден тапкан каражат менен багып келем», – деди М.Кулпидинова.
Ал 1-топтогу майыптыгы боюнча 2 миң сом жөлөк пул алат. Учурда жумушу жок болгондугуна байланыштуу Баткен шаардык мэриясына жардам сурап кайрылды.
Turmush
28.04.2016
http://www.turmush.kg/news:292889
Leave a Reply