Баткенде балдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алууга арналган китепче чыгарылды

batken

Баткен райондук хатибияты жаш өспүрүмдөргө болгон зордук-зомбулуктун алдын алуу жана жаштарды туура тарбияга үндөө максатында накыл сөздөр камтылган “Тарбия нуру” аттуу китепчени даярдады. Бул тууралуу Баткен казыятынын басма сөз кызматы кабарлады.

Учурда райондук хатибият тарабынан басылган китепче окуу жайларга, мектептерге таратылууда жана жалпы коомчулукка жайылтуу аракеттери көрүлүүдө. Ал эми Баткен районунун баш имам хатиби Нурдин ажы Мамасабировдун айтымында, тарбиялык буклетти даярдап, жайылтуунун дагы бир максаты – дин тармагында эле эмес, өлкөбүздөгү көйгөйлөрдүн алдын алууда имамдар да түрдүү жолдор аркылуу салым кошууга даяр экендигин билдирди.

Кабар

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*