Балдарга карата зомбулукту аныктоо иши күчөтүлүүдө

Балдарга карата зомбулук фактыларын аныктоо максатында учурда Кыргызстандын аймагында он чакты министрликтин өкүлү кирген 528 штаб иштеп жатат. Бул тууралуу Социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлоодо.

Мекеменин маалыматына караганда, соңку кезде балдарды ур-токмокко алуу, кордоо сыяктуу фактылар көбөйдү деген маалымат чындыкка жатпайт. Болгону, мындай көрүнүштөрдү аныктоо иши жакшыра баштады.

“Мурда мамлекет көп деле маани берчү эмес. Анткени ал бир үй-бүлөнүн жеке маселеси деп каралчу. Окуя ачыкка чыкчу эмес, көмүскөдө жашыруун бойдон калып келген” дейт министр Кудайберген Базарбаев.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, 2014-жылы балдарга карата жасалган 909 кылмыш катталган, анын арасынан 10у өмүрүнөн ажыраса, 66сына сексуалдык зомбулук көрсөтүлгөн.

Азаттык

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*