Укуктук маданият алгач бийлик ээлеринде калыптануусу зарыл

ukuk

Бизде коомдук турмушту жөнгө салган мыйзамдар начар деп айтуу мүмкүн эмес. Кеп алардын аткарылышында гана. Митингге, пикетке, жүрүшкө чыккандар, жол тоскондор ж.б. нааразалык акцияларын уюштургандар аларды мыйзам боюнча жасайбы? Ошонун баары биздин укуктук маданиятыбыздын, укуктук билимибиздин жоктугунанбы? Биздин өлкөдөгү коомдук процесстерди иликтөөчүлөрдө акыркы кезде укуктук нигилизм, укуктук маданиятсыздык, укуктук аң-сезимдин деформациясы, укуктук инфантилизм, ал турсун анархия дегенге чейинки түшүнүктөр колдонулууда.

А.Осмонова “Укуктук нигилизмди жоюунун жолдору” деген иликтөөсүндө (Вестник КРСУ, 2015, 15-том, № 2) “Бүгүн мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндө укуктук билим өзгөчө бир бузулууга – укуктук билимдин деформациясына туш болууда. Буга укуктук нигилизмди, укуктук инфантилизмди же жетилбеген укуктук аң-сезимди, тетири укуктук радикализмди жана адеп-ахлактык-укуктук конформизмди кошууга болот”, – деп жазат. Бул бир караганда карапайым калктын укуктук сабатсыздыгы, укуктук билимди көтөрүүнүн, укуктук маданиятты калыптандыруунун зарылдыгы сыяктуу гана көрүнөт. Ошентсе да көйгөйдү иликтөөчүлөрдүн дээрлик баары бул карапайым калктын эле эмес, бүтүндөй коомдун оорусу экенин белгилешет. Карапайым калк мыйзамды билбегенден мыйзамсыз иштерге барып жатпаганын, башкаруучулардын мыйзамсыз аракеттери калкты да ошондой иштерге түртүп жатканын айтышат.

Россиялык укук иликтөөчү окумуштуу Н.Матузовдун пикири боюнча укуктук нигилизм деген мыйзамды атайылап басмырлап, текеберленип, ишенбөөчүлүк менен кабыл алуу болуп саналат. “Бүгүн Кыргызстанда укуктук нигилизм калктын бардык катмарларында кеңири жайылган. Анын өтө көп жактары жана кырлары бар. Бул биринчи кезекте мыйзамдарды жана башка норма актыларын атайылап бузуу, мыйзамдуулукту максаттуулукка алмаштыруу, адамдын жашоого укугун, ар-намысын жана кадыр-баркын кетирүү сыяктуу адам укуктарын бузуу болуп санлат. Бийликтин компотентсиздиги жана натыйжасыздыгы укуктук нигилизмдин эң терең булактарынын бири” деп адилет белгилейт Н.Матузов (Вестник КРСУ. 2015. 15-том, 19-бет). “Мамлекеттик бийлик чөйрөсүндө гүлдөп өнүккөн ведомстволук укуктук нигилизм коомдун жана мамлекеттин өнүгүшүнө өзгөчө коркунуч келтирет. Укуктук нигилизм менен КРдин мамлекеттик бийлигинин бардык бутактары ооруган. Укуктук нигилизмдин коркунучу биринчи кезекте анын коомдук турмуштун рухий, адеп-ахлактык жана маданий түркүктөрүн чириткенинде” (2-том, 22-бет). “Чиновниктердин адам укугун бузгандык үчүн иш жүзүндө жаза тартпаганы абалды андан да оорлотот. Кыргыз Республикасынын Конституциясы боюнча алардын ишмердигинин башкы багыты адам укугу болуп, аны камсыз кылуу алардын эң башкы милдети болуш керек эле да. Укуктук нигилизмдин көрүнүү даражасы коомдун жана мамлекеттин саламаттыгынын көрсөткүчү болуп саналат” (3-том, 36-37-бет).

Ушул абалга кандайдыр бир оң таасир тийгизүү максатында өткөн жылы Адилет министрлиги Кыргыз Республикасында 2016-2020-жылдарда калктын укуктук маданиятын көтөрүү стратегиясын кабыл алып, аны ишке ашырууга эл аралык донор уюмдарды тартуу боюнча иштерин баштаган. 2015-жылы 11-ноябрда Адилет министрлигинде донор уюмдардын өкүлдөрү менен болгон жолугушууда министрликтин башкармалыгынын жетекчиси Айбек Чотонов: “Бүгүнкү күндө жарандар, айрыкча жаштар өз укуктары менен милдеттерин билбейт, мыйзамдарды кылмыш деңгээлине чейин бузушат. Биздин негизги максат – жарандарда мыйзамды сыйлоо сезимин өнүктүрүүгө шарт түзүү. Биз мектеп балдарынын укуктук аң-сезимин кичинекейинен баштап калыптандыруу керек деген тыянакка келдик. Бул үчүн биз баштапкы жана орто билим берүү программасына укуктун негиздери боюнча предмет киргизүүнү пландап жатабыз”, – деп билдирген.

Жолугушуунун аягында эл аралык уюмдардын өкүлдөрү бул Стратегияны колдошоорун жана ага көмөктөшөөрүн билдиришкен. Кыргыз Республикасындагы Дүйнөлүк банктын офисинин башчысы Жан-Мишель Хаппи бул ишке донорлордун катышуу механизмин жана иш жүргүзүү ыраатын аныктоо керектигин айткан. Буга БУУнун Өнүгүү программасы менен Финляндия Тышкы иштер министрлигинин КРдеги атайын долбоорлору да туруктуу каржылык жана техникалык жардамдарын берип келгенин да айтуу керек.

Жолугушууда КР адилет министрли Жылдыз Мамбеталиева: “Кыргызстандын азыркы укуктук маданиятынын абалы жарандардын өз укуктарын билбегени, аларды ишке ашырууну жана мыйзам белгилеген тартипте коргоону билбегени менен мүнөздөлөт. Бул көйгөйдү өз убагында чечпөө мыйзамдарды билип туруп жана түздөн түз бузууга шарт түзүп, коомдо адамдардын мыйзамсыз жүрүм-турумун актаган мыйзамга каршы нормалардын жайылышына алып келет”, – деп билдирген. “Укуктук билимди бала бакчадан, мектептин биринчи классынан баштап берүү керек. Бүгүнкү күндө адамдарда жана жарандарда, айрыкча жаштарда мекенчилдик, мыйзамга баш ийүүчүлүк, адамдык кадыр-баркын сезүү, башка жарандардын укуктары менен кызыкчылыктарын сыйлоо сыяктуу сапаттарды калыптандырган активдүү укуктук билим берүүнүн олуттуу зарылдыгы келип чыкты”, – деп айтты министр.

Укуктук билимди салттык эмес, жаңыча ыкмалар менен жайылтуу максатын көздөгөн бул мамлекеттик программанын алкагында артыкчылык менен иш жүргүзүлүүгө тийиш болгондор мектеп окуучулары менен жаштар эле эмес, эркинен ажыратылгандар, майыптыгы бар адамдар жана башка мусаапыр топтор, ошондой эле мамлекеттик кызматкерлер да экенин айта кетүү керек. Укуктук маданият биринчи кезекте колунда бийлиги барларда калыптанганда гана башка калк алардын артынан кетээри турган иш.

Бул материал БУУӨПтүн “КРдеги сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү” жана “Туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу максатында укуктун улуктугун жана сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү” долбоорлорунун алкагында даярдалды.

Умар БEК, Кабар ордо, 03.03.2016,
http://www.vb.kg/kabarordo/doc/267114_ykyktyk_madaniiat_algach_biylik_eelerinde_kalyptanyysy_zaryl.html

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*