Инклюзивдик билим берүү-өзгөчө муктаждыктагы балдардын чектөөлөрүн жоет

DSC_0029

Такталган маалымат боюнча  Кыргызстанда 18 жашка чейинки мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын саны учурда 23 миң 567ни түзүп атат. Мындай абалдагы балдарды мектепке окутуу, коомчулукка кошуу жалгыз гана ата-энелердин колунан келбейт жана көп кыйынчылыктар болуп, шарт жок. Эң негизгиси инклюзивдүү билим берүүдө өзгөчө муктаждыктагы балдарда, ата-энелерде болгон чектөөлөр жоюлат.

“Кабар даамында” уктуруусунун бул чыгарылышында инклюзивдик билим берүү боюнча кеңири маалымат бердик. Суроолорго инклюзивдик билим берүү боюнча эксперт Замира Жапарова  жана инклюзивдик билим берүү боюнча долбоордун координатору Мырзагүл Бегимкулова жооп берди.

– Алгач инклюзивдик билим берүү деген эмне? Ушул тууралуу маалымат берип өтсөңүз. Инклюзивдик билим берүүнүн негизги максаттары эмне?

Замира Жапарова:  – Инклюзив деген француз тилинен кабыл алынган экен. «Кошом, кошулам» деген маанини билдирет. Инклюзивдик билим берүүнүн негизги идеологиясы – бардык балдарды дискриминациялоону жоюу болуп саналат. Башкача айтканда тил, улут, дене өсүшү, интеллектуалдык, психикалык өгөчөлүктөрүнө карабастан бардык балдарды билим берүү системасына кошуу болуп саналат. Ошол эле учурда аларды жалпы билим берүүчү мектептерге кошуп койбостон, аларга атайын шартты түзүп берүү негизги максаты болуп эсептелет.

Мисалга, интеллектуалдык жактан жетишпеген бала болсо, ага атайын программа түзүлүш керек, мугалим тарабынан өзгөчө мамиле болуусун, окутуунун өзгөчөлүктөрүн эске алуу зарыл. Мунун баары инклюзивдик билим берүүдө каралган. Инклюзивдик билим берүү десе эле көпчүлүк ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга билим берүү деп ойлошот. Бирок андай эмес. Бул кандайдыр бир себептер менен билим берүүдөн артта калып калган, ата-энеси мигрант болуп башка жактарга кетип калган балдар, же болбосо социалдык шарттардан улам жашоону оор кырдаалдарына туш болгон балдар, качкындардын, жакыр үй-бүлөлөрдүн балдары кирет. Буларга өзгөчө билим керектөөлөрү талап кылынат. Ушундай абалдагы балдардын бардыгына өзгөчө көңүл буруп, шарттарды түзүп, кадимки билим берүү системасына кошууну – инклюзивдик билим берүү деп айтабыз.

– Кыргызстанда мындай билим берүү качантан баштап калыптана баштаган?

Мырзагүл Бегимкулова: – Неизинен Кыргызстанда 1995-жылдан кийин калыптанып, айтыла баштаган. Алгачкы кадамдар бейөкмөт уюмдар тарабынан жасалган. Айтылган сөз бир, бирок, аны аткаруу негизги маселе болуп эсептелет. Анткени бул өтө оор көйгөйлүү маселе болуп эсептелет. Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды дароо эле кадимки балдардын арасына кошуу абдан кыйын иш. Ал эми чет жактарды карай турган болсок, Америкада мындай билим берүү тууралуу 1950-жылдардан баштап айтыла баштаган. Бирок, акыркы 15 жылда гана ийгиликтүү ишке аша баштады. Бизде 1995-1997-жылдардан бери бейөкмөт уюмдардын колдоосунда жеке менчик бала бакчаларда иштер жүргүзүлүп келген. Ошондой эле бул багытта ата-энелер коому дагы жакшы иштерди алып барып жатышат. Ал эми бүгүнкү күндө буга мамлекеттик деңгээлде көңүл буруп, ишке ашыруучу мезгил келди. Алгачкы жолу муну ишке ашырууга мамлекет тараптан кадам ташталып жатат.

– Өлкөдө өзгөчө муктаждыктагы балдардын билим алуусу үчүн кандай кыйынчылыктар, тоскоолдуктар бар ? Ошол эле учурда Кыргызстанда кандай шарттар каралган?

– Азыркы учурда Чүй облусунун Москва району сынамык катары алынып, 36 мектеби камтылып жатат. Ал жерде 46 мектепте даярдоо класстары ачылып, 1402 ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген бала билим алып жатат. Аларга мектепке баруу үчүн, мисалы, коляскада отурган балдарга мектептерде атайын жолдорду жасоо керек болот. Мындай шарттар азыр көп эле коомдук жайларда коюла баштады. Ошодой эле дааратканаларда шарттарды түзүү каралууда. Ушул сыяктуу көп иштер жасала баштады. Балдарды мектепке окутуу, коомчулукка кошуу жалгыз гана ата-энелердин колунан келбейт жана көп кыйынчылыктар болуп, шарт болгон эмес. Эң негизгиси инклюзивдүү билим берүүдө балдарга, ата-энелерде болгон чектөөлөр жоюлат.

– Бул долбоор республиканын бардык аймактарын камтый алабы?

Замира Жапарова: – Азыр өлкөнүн бардык аймактарындагы мектептерде «Наристе» программасынын негизинде 480 саат мектепте даярдоо класстары ачылган. Муну менен биз бардык балдар бала бакчага барбаса дагы 1-класска психологиялык барьер жок кире алат деп айтсак болот. Программаны ишке ашырууда мугалимдерди даярдап, атайын тренингдерди, машыктыруучулар үчүн семинарларды уюштурдук. Бардык аймактарда мугалимдер жетиштүү. Акыркы 15 жылда өлкөдө тилекке каршы майып балдардын саны көбөйүп жатат. Такталган маалымат боюнча 18 жашка чейинки мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын саны учурда 23 миң 567ни түзүп атат.

– Бул долбоорду иштеп чыгууда кайсы мамлекеттердин тажрыйбаларын колдоно алдыңыздар? Чет жактардарда бул кандай жолго коюлган?

Мырзагүл Бегимкулова: – Негизи бул жерде кайсы бир мамлекеттин тажрыйбасын колдонуп жатабыз деп айта албайм. Ошол эле мезгилде биз чет өлкөлөрдүн тажрыйбаларына кайрылбай кое алган жокпуз. Анткени башка көп өлкөлөрдө инклюзивдик билим берүү абдан жакшы жолго коюлган. Алардын ичинде Дания, Улуу Британия, Швеция, Норвегия, Америка, Италия бар. Мисалы, Америкада 3 багытта иш алып барылат. Өзгөчө муктаждыктагы балдар атайын мектептерге,же жалпы билим берүү мектептерине, же ошол мектептердин ичинде ал балдар үчүн атайын класстарга барышат. Аны тандоону ата-энелер өздөрү чечиш керек. Мындай ыкма көп өлкөлөрдө колдонулган. Ал эми Румыния бул жаатта саясий эрк көрсөтүп, атайын билим берүүчү мектептерди жаап, балдарды жалпы билим берүүчү мектептерге которгон мезгил болгон экен. Бирок, бир жылдан кийин ал мектептерде которулган балдардын 16 пайызы гана окуп калган. Биз азыр жогоруда айтылган 3 тараптуу жолду кармап турабыз. Анткени, буга азырынча ата-энелер, коом дагы даяр эмес.

– Коом тарабынан өзгөчө муктаждыктагы балдарга болгон мамиле дагы өзгөрүшү керек да? Бул багытта кандай иштер жасалууда?

– Кыргыз элинин менталитетинде уялчаактык мүнөзүбүз бар. Ушундан улам үй-бүлөдө майып балдар төрөлгөндө, ата-энелери жашырып, балдары менен өздөрү эле калган учурлар дагы кешдешет. Өзгөчө муктаждыктагы баланы жалпы билим берүүгө кошууда биринчи мугалимди, андан соң класстагы балдарды даярдашыбыз керек. Менин оюмча биздин коом буга кайдыгер карабай, жалпы киришип, бул маселени жакшы жагына чечебиз деген ойдомун.

– Учурда канча инклюзивдүү билим берүү борборлору бар?

Замира Жапарова:  – Азыр Билим берүү министрлигинин алдында конкретүү иштеп жаткан 3 пилоттук мектеп бар. Бул мектептерде атайын адистер мүмкүнчүлүгү чектелген балдар менен иштеп жатат. Ошондой эле реабилитациялык борборлор, ата-энелер коомчулугунун ассоциациясы иштерди алып барууда. Негизинен мындай инклюзивдик илим берүүнү бала бакчадан баштоо керек экен. Анда балдар айланадыгар менен мамиле түзгөндү жакшы өздөштүрүп, мектепке барган эч кандай тоскоолдуктар түзүлбөйт.

Каныкей Бозгунова, http://maralfm.kg/

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*