Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктан социалдык-укуктук коргоонун кандай жолдору бар?

nasilie

Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктан жабыр тарткан жаран төмөнкүлөргө укуктуу:

– милиция же прокуратурага арыз менен кайрылууга;

– медициналык мекемеге жеткирилишине жана алгачкы медициналык жардамдын көрсөтүлүшүнө;

– каалоосу боюнча коопсуз жерге же социалдык тейлөө боюнча адистешкен мекемеге жайгаштырылышына;

– өз коопсуздугун коргоо боюнча маалымат алууга, юридикалык жардам жана консультацияларды алууга;

– жашаган жери боюнча аксакалдар сотуна кайрылууга;

– корук аты алууга же зордук-зомбулук көрсөткөн адамды административдик же кылмыш жоопкерчилигине тартыш үчүн тийиштүү органдарга кайрылууга.

Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктан социалдык-укуктук коргоонун атайын чаралары:

– убактылуу корук кат

– соттук корук кат

Убактылуу корук кат

Зордук-зомбулук жасалган убакыттан тартып 24 сааттын ичинде жергиликтүү милиция тараптан берилет.

Ал зордук-зомбулук көрсөткөн адамга 15 күнгө берилет жана ал корук каттагы бардык шарттарды аткарышы керек (зордук-зомбулукту жасабашы, жабыр тарткан менен жана жашы жете электер менен жолугушпашы, жабыр тарткандын дарылануусун төлөп бериши, ж.б.д.у.с.).

Эгер корук кат тапшырылган адам анда белгиленген шарттарды аткарбаса, ал административдик жоопкерчиликке тартылат жана кат белгиленген убактагы күчүн сактап кала берет.

Соттук корук кат

Соттук корук кат сот тараптан 1 айдан 6 ай убакытка чейин берилет.

Корук кат тапшырылган адам анда белгиленген шарттарды аткарбаса, ал административдик же кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

Корук каттын мөөнөтү өткөндөн кийин үй-бүлөдө зордук-зомбулук кайталанса, зордук-зомбулук көрсөткөн адам административдик жана кылмыш мыйзамчылыгында каралган башка чараларга тартылышы мүмкүн.

Пайда.KG

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*