Каржы сабактары: Насыя алып качып кетүү деген адат пайда болду

akcha

Насыя алуу ар кандай кыйынчылыктар менен коштолбош үчүн калктын каржылык сабатын жоюу учурдун актуалдуу талабы болууда.

Кыргызстанда учурда насыя алып үй салып, унаа алып, той өткөрүп жана аны башка керектөө муктаждыгына жумшаган жарандар көбөйдү. Бирок насыя алуу ар кандай кыйынчылыктар менен коштолбош үчүн калктын каржылык сабатын жоюу учурдун актуалдуу талабы болуп турганын адистер белгилешүүдө. Бул өз кезегинде насыя алган жарандардын, дегеле банк тармагына кайрылгандарын укуктук билимин гана жогорулатпастан, өлкөнүн банк жана каржы тармагынын толук кандуу иштешине дагы негиз болуп бермекчи.

“Насыя алып качып кеткендердин акчасын кошо төлөп жатабыз”

Улуттук статистикалык комитет берген маалыматка таянсак, Кыргызстанда чакан насыяларды аялдар көп алышат. Мисалы өткөн жылдын январь – сентябрь айларында чакан насыя берүүчү уюмдар 13,5 млн сомго насыя беришкен, 243 миң адам микрокредит алган. Насыя алгандардын 62 пайыздан ашыгын аялдар түзгөн. Үй-бүлө түйшүгү менен кошо насыя төлөөдө ар кандай жагдайларга кабылган аялзаты көп. Бүгүнкү каарманыбыз Чүй областынын Сокулук районунун тургуну Мира Койчуманова дагы насыяга байланыштуу кыйын жагдайга туш болгонун айтты.

“Өзүм 60 жаштамын, пенсияга чыккам. Жалаң пенсия менен жашайбыз. Эки уулум тең үйдө отурат, эч жерде иштебейт. Жайкысын ар кандай курулуш иштеринде иштеп, бир аз акча табышат. Кызым болсо турмуштан жолу болбой, азыр өзүнчө батирди ижарага алып жашайт. 2011-жылы ушундай кысталган турмуштун айынан Сокулук районундагы чакан насыя берүүчү компаниядан кредит алган элем. Шартка ылайык, 4 киши болсо насыя алсаң болот. Ошентип жанымдагы эле кошуна-тааныштар чогулуп бир топту түзүп кредит алдык. Топтогу адамдар баш-аягы 100 миң сомго чейинки сумманы алганбыз. Башында 4-5 ай баарыбыз тең насыяны убагы менен, ай сайын пайызы менен кечиктирбей төлөп жаттык. Ошентип жүргөн кездерде биздин топтогу Салима аттуу аял өзүнүн алган насыясын төлөй албай качып кетти, анын айынан көрбөгөндү көрдүк. Биздин топ аны издеп таппай койдук. Ал аялдын насыясын топтогулар баарылап чогуу төлөөгө мажбур болдук. Акыры өзүбүздүкүн да, ал аялдында акчасын төлөп кутулдук. Бирок чакан насыя берүүчү уюм бизди баарыбызды “кара тизмеге” киргизип, насыя алуу укугубуздан ажыратып салды, эми эч качан насыя ала албайбыз. Салиманы азыркы тапка чейин издеп, кайда жашырынып жашап жаткандыгын биле албай убара тартып жатабыз. Анын ордуна төлөгөн акчаларыбызды кайтарып берсин да бизге, биздин да оокатыбыз ашып-ташкан жери жок. Төрт жыл болуп калды, дале кайда кеткени белгисиз. Айтайын дегеним, ушундай кырдаалдарда өкмөт чара көрөбү? Жок дегенде ошол качып кеткен аял биздин топтогулардын төлөгөн акчаларын кайтарып берсе жакшы болот эле, учурда абдан түйшүк тартып кыйын кезеңди баштан өткөрүүдөбүз. Анын ордуна төлөйм деп мен барак тибиндеги тамымды да саттым, азыр кичинекей жерге тыгылып чала-була үй салып эптеп балдарым, неберелерим менен чогуу жашап жатабыз. Мен Салиманын акчамды төлөп беришин талап кылып жатам, бирок жалгыз эмне кыларымды билбей калдым, издедим жакшы эле, таппай койдум. Ушу кичиниекей Кыргызстандан кантип табылбасын? Мамлекеттен жардам болсо, мындай окуяларга мыйзам түрүндө чаралар көрүлсө деп үмүт кылам”,-дейт Койчуманова.

Мындай окуялар Кыргызстандын булуң-бурчундагы ар бир айылдан кездешүүдө. Аталган райондун Кызыл-Жылдыз айылынын тургуну Назира Токтакунова чакан насыя алып төгө албай кыйналып жаткандап көп экенин белгилейт. “Бизде элеттик кыз-келиндер, айрыкча аялдар насыя көп алып жатышат. Баары тең пенсиядан төгүп беребиз деп алышат, кийин кыйналып калгандар көп болот. Азыр айылда той-ашка деп эле, алды артын карабай кредит алып алгандар көп. Насыя алып топтогу шериктерин кыйнап качып кеткенди адат кылып алгандар пайда болду. Каржылык сабатуулук дегенди эч ким билбейт. Кыз-келиндерге бул боюнча сабактарды өтүшсө жакшы болор эле”,- дейт ал.

Мирлан Майтпасов: Калктын каржы сабатын жоюу учурдун талабы болуп турат

Улуттук банкынын Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана финансылык сабаттуулук бөлүмүнүн башкы юристи Мирлан Майтпасов жогоруда аталган жагдайларга кабылбаш үчүн учурда калктын каржылык сабатуулугун жогорулатуу мезгил талабы экенин баса белгиледи.

“Каржылык ортомчулук кеңейип бара жаткан бүгүнкү күндүн шартында каржылык тейлөө алган жарандардын саны дагы көбөйдү. Каржылык тейлөөлөргө төлөм-эсеп оперциялары жана төлөмдөр, коммерциялык банктардын депозиттери, банк жана чакан каржылоочу тармактын ар кандай насыя продуктулары кирет. Бирок калктын каржылык сабаттуулугу жана тейлөө түшүнүгүнүн жоктугу кээ бир учурда насыя алуунун кыйынчылыктарын пайда кылууда. Ошол эле биз айтып жаткан каржылык сабаттуулукту жоюш керек болуп жатат. Каржылык сабатуулук деген эмне? Каржылык сабатуулук- биринчи кезекте адамдын каржылык чечимди кабыл алууда анын кесепеттери менен тобокелдиктерин эсептеп чыгууга зарыл болгон маалыматы. Ошол эле учурда каржылык сабаттуулукту жогорулатуу керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарын коргоочу кошумча мүмкүндүк болуп эсептелет. Албетте каржылык сабатуулук каржылык билим берүүнүн натыйжасында жогорулары белгилүү. Экономиканын азыркы заманбап өнүгүшү керектөөчөлөрдүн укугун коргоо жана элдин каржылык сабатын жогорулатуу канчалык зарыл экенин көрсөтүп турат. Мамлекеттик каржылык системанын өзү эле ар кандай мыйзам нормаларына, ишкер практикага толгон. Мындан улам каржылык сабаттуулук уламдан-улам актуалдуу темага айланып бара жатат. Калктын каржы сабатын жойсок биринчи кезекте банк жана каржы тармагынын нормалдуу иштешине дагы негиз болуп бермекчи. Анын жоктугу мыйзамсыздыкка жана катардагы калкты, чакан жана орто ишкерлерди айрым алдым-жуттум финансисттердин арам ой менен пайдаланышына алып келүүдө. Анын негизинде карапайым адамдар кыйналып калууда. Азыркы учурда Улуттук банк тарабынан, мамлекеттик органдар жана жеке кызыкчылыгы бар уюдар тарабынан калктын каржылык билимсиздигин жоюу максатында бир катар иш-чаралар аткарылып жатат.

Мисалы, Улуттук банк мамлекеттик жана расмий тилде “Акча алиппеси” деген китепчени чыгарды. Анда балдарга акча, үй-бүлөлүк бюджетти пландоо, банк жана банк тейлөөлөрү жөнүндө түшүнүк берилген. Дагы бир ушуга окшогон басылма республиканын жалпы билим берүү мектептерине таратылды. Билим берүү мектептеринде, чакан жана орто ишкерлерге туруктуу негизде атайын семинарлар уюштурулуп жатат. Семинарлар мектеп жашындагы балдар жана чоңдор үчүн дагы уюштурулган. Ошондой эле кыргызстандыктар атайын адистештирилген www.finsabat.kg. интернет сайтына кирсе болот. Анда каржылык мекемелер тарабынан даярдалган актуалдуу маалыматтар бар жана бул жерде жарандардын банк жана чакан каржылык тейлөө боюнча көп суроолоруна жооптор бар. Мындан тышкары Улуттук банк тарабынан 2016-2020-жылдарга калктын каржылык сабатуулугун жогорулатуу жаатында мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын аныктоо, жакырчылыкты кыскартуу жана калктын каржылык корголушун деңгээлин жогорулатуу боюнча программанын долбоору иштелип чыккан. Программанын башкы максаты- жарандардын каржылык сабаттуулугун жана каржылык жүрүм-турумунун маданиятын жогорулатуу болуп саналат. Учурда программа макулдашуу баскычында турат”,-деп белгилет адис.

Бул материал Бириккен улуттар уюмунун өнүктүрүү программасы (БУУӨП) жана Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин “КРдеги сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү” жана БУУӨПтүн “Туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу максатында укуктун улуктугун жана сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү” долбоорлорунун колдоосунда даярдалды.

Гүлнур Жумалиева, Кабар ордо, 20.01.2016,
http://www.vb.kg/kabarordo/doc/266147_karjy_sabaktary:_nasyia_alyp_kachyp_ketyy_degen_adat_payda_boldy.html
 

 

 

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*