Ботобаева Рахия: «Маңдай терим менен салган үйүмө ээ боло албай оорукчан кызым менен көчөдө калдым»

ledi1

Адам маңдайына жазылган тагдырга баш ийип жашабаска аргасы жок. Жашоонун түйшүгү өзгөчө аялдар үчүн оордой. Дегеним, эне өзү кыйналганына кайыл болуп ар дайым баласын белине байлай жүрөт. Бул жолку каарманым Рахия эже да үй- жайсыз жүргөнүнө карабай жети жашар оорукчан кызына тынымсыз кам көрүп, жанын жанга уруп келет. Оор улутунган эне тагдырын мындайча баяндап берди.

«Үчүнчү никемден  да жолум болбоду»

– Мен Жалал-Абад облусунан болом. 20 жашымда өзүбүздүн эле айылга ала качып кетти. Жакшы күйөөгө туш болбоптурмун. Отуруп калганым менен көпкө жашай албай уулдуу болгондон кийин ажырашып кеттик. Алты жыл бой жүрүп экинчи жолу турмушка чыктым. Күйөөм оюмдагыдай чыгып абдан жакшы жашадык. Катары менен эки кыздуу болдук. Тилекке каршы, бактылуу жашообуз көпкө узабай беш жылдан кийин күйөөм боорунан цирроз болуп ооруп каза болуп калды. Жесир аталып кара кийип чиедей кыздарым менен калдым. Эки кызым менен төркүнүмө баргам. Бирок аларга жүк болбой ордумду табайын деп бир жылдан кийин эле 2006-жылы дагы бактымды сынап турмушка чыктым. Үчүнчү никемден да жолум болбоду. Күйөөм көп ичкен адам экен. Кара-Балтада жашаган бир жарым жыл ичинде көрсөтпөгөнү калбады. Кош бойлуу экениме карабай тээп, уруп эки жолу боюмдан түшүрдү. Үчүнчү жолу боюмда болгондо анын запкысынан коркуп төркүнүмө кетип калдым. Аман-эсен кыз төрөп, жакшы жашоодон үмүт кылып наристемди көтөрүп кайра күйөөмө келдим. Бирок эч оңолуу жок, баягы эле уруш-талашка толгон жашоо өтүп атты.

«Кызым ооруканада жатса мени автоунаа сүзүп кетти»

– Кызым бир жаш беш ай болуп басып, сүйлөп калган эле. Бир күнү кусуп, токтобой ичи өтүп, дене табы көтөрүлүп, денеси карышып, бир тарабы кыймылдабай өзүн жоготуп жатып калды. Тез жардам менен №3 балдар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө, андан инфекциялык ооруканага алып бардым. Кызымды алып кирип кетишип, мени түртүп чыгарып коюшту. Ошол боюнча көрсөтпөй доктур: «Кызың киши болобу, болбойбу, билбейбиз, аракет жасап атабыз», – дейт. Күн сайын барып атып акыры эптеп кирсем кызым ээси ооп жатыптыр, мени тааныбай койду. Эки күндөн кийин «менингит экен, жүлүнүнөн суу алабыз» дешти. Ошентип, кызымдын азабы менен жүргөндө мени автоунаа сүзүп кетти. Айдоочу тез жардам чакырып ооруканага алып барды. Соккудан бутум сынып, бетим, мойнум айрылып, чачымдын жарымы териси менен кошо жулунуп кетиптир. Дагы мойнумду үзүп кетпегенине тобо дедим. Ошентип, ооруканага жатып калдым. Дагы жакшы, айдоочу качып кетпей, мени, ооруп жаткан кызымды да карады. Ооруканадан чыгып жатканымда он беш миң сом берди. Аны каматып иейин деген оюм жок болгондуктан бул кырсык да деп макул болуп, жакшылыкча сүйлөшүп тосмо арыз жазып бердим.

«Болтоюп чуркап жүргөн кызымдын сөөгү эле калыптыр»

– Мен ооруп кызым каралбай калды. Күйөөм болсо бизге кам көрүп, тамак алып келгенге жараган жок. Санаам чыдабай ооруканага сегиз күн жатып эле чыгып кеттим. Андан кийин кызымды да ооруканадан үйгө алып келишти. Болтоюп чуркап, апалап жүргөн кызымдын сөөгү эле калыптыр. Жарым жан болуп чалкасынан гана жатат, сүйлөбөйт. Ооруканада бизге көрсөтпөй атышканда каралбай калганбы, заарасы көчүгүн жеп, эзип жибериптир. Ошондогу абалынан улам балалыгынан кечип жиберейин деп, Кудайга тобо кылып атып кайра кызыма боор бердим. Улам денеси карышып, дене табы көтөрүлүп азабымды берди. Дарыгерлер жүлүнүнөн суу алгандан улам кызым майып болуп калды деп ойлойм. Антип айтсам, «сен эмдөөнү убагында албай, баланы дарыгерге караткан эмессиң» деп кайра күнөөнү мага оодарышты. Кызымдын аллергиясы бар болчу. Күйөөм экөөбүз нике күбөлүгүн, кызыбыздын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн алган эмеспиз. Күйөөмө «кызыбызга документ алалы» деп тилим тешилип келген. Документи жок болгондуктан кызыма эмдөө ала алчу эмесмин.

«Күйөөм башка аял алып алыптыр»

– Экөөбүз иштеп тапкан акчабызды чогултуп жер алып, иттин күнүн көрүп жүрүп өз колубуз менен Маловодное айылына үй салдык. Ошол кезде экинчи никемдеги чычкандай кыздарым ылай жасашып жардамдашышты. Үйдү салган соң күйөөмдүн документи жок болгондуктан кайнагамдын баласына жаздырмакчы болушту. Мага жаздыралы десем, “нотариустан келинге каттатса болбойт” дешти. Жаман оюм жок күйөөм документ алса кайра каттатып алабыз да деп тим калгам. Үйүбүздү куруп бүтүп калган бир күнү күйөөм мас болуп келип түнү менен бакырып, өкүрүп бизге уйку берген жок. Эртеси таң атпай дагы ичип келип мени токмоктоп, чачымдан кармап дубалды сүздүрүп урду. Эптеп качып чыгып бекинип калсам, кир жууп жаткан эки кызыма барып, улуусун тепти эле, тоголонуп кетти. Ошондо заманам куурулуп, баарына кол шилтедим. Үй оокаттарымдын баарын таштап, бир сыйра кийимимди, кыздарымды алып Жалал-Абадга кетип калдым. Ал жакта бир жылдан ашык жүрдүм. Ошол маалда күйөөм башка аял алып алыптыр. Ошентип, маңдай терим менен салган үйүмө ээ боло албай оорукчан кызым менен көчөдө калдым. Жактоочудан консультация алсам: «Нотариустан башка адамга катталып калган болсо, сен эч нерсе кыла албайсың. Айыл аксакалдары эле жашаганыңды далилдеп берсе, сага дагы сот бир бөлүгүн чечиши мүмкүн», – деди. Мен: «Кызымды айыктырып алсам болду, үйүнүн кереги жок», – деп калгам. Былтыр күздө кызымды көтөрүп алып күйөөмө: «Кызыңды бир сурап койгон жоксуң, колуңдан келген жардамыңды бер», – деп барсам, кайнагам: «Сенин бул үйгө киргенге акың жок, үйдүн кимге катталганын билесиң да, чыгып кет», – деди. Мен: «Ака, үй талашып же булардын жашоосун бузайын деп келген жерим жок. Кызым ушунун канынан жаралган, доктурлар “айыгып кетерине мүмкүнчүлүк бар” деп атышат, жардам берсин деп келдим. Чыгып караңгыда кайда барам, таң атса чыгып кетем», – деп олтуруп алдым. Күйөөмдүн аялы мен тууралуу, кызым тууралуу такыр уккан эмес экен, таң калып эле калды. Ал мага жакшы мамиле кылып, эртеси акча берип кетиришти.

«Кызымды балдар үйүнө таштамакчы болуп…»

– Кызымдын абалын көрүп атамдар «оорукчан кызыңды балдар үйүнө ташта, улуу эки кызыңдын келечегин ойло» деп айта беришкенинен кызыма документ даярдап таштамакчы болуп, бирок жүрөгүм чыдаган жок. Кийин дагы улам айта беришкенде Кудайдан албай калса экен деп суранып жатып Беловодскидеги балдар үйүнө алып барсам, «жаткан баланы албайбыз» деп коюшту. Кызымды бергим да келбейт. Невропатологго алып барсам: «Кызыңыздын кыймыл-аракети жакшы, басып кетерине 90 пайыз кепилдик бере алабыз. Аракет кылыңыз», – деди. “Санаторийге бар”, – деди эле, акчанын жогунан бара албай калдым. Кызыма жолдомо бекер, бирок такма жалаягы менен экөөбүздүн тамак-ашыбызга кайдан акча табам. Апамдар «кызыңды балдар үйүнө ташта» дей беришкендиктен аларга таарынып келе бергем. Бишкекке келип Фучиктеги боорукерлер үйүндө жашадым. Кудай ырыскыны бирөөнү себепчи кылып берет экен, мен ал жерде жашаган орус аялдын баласын багып, ал подъезд жууп акча таап тамак-аш алып келчү.

«Иштейин десем, оорукчан кызымды ким карайт?»

– Улуу кыздарым апамда болчу, аларды быйыл Канттагы медресеге киргиздим. Атам: «Сирияга алып кетип калат», – деп бербей атып араң берди. Алар чоңоюп калышты, мага мээрими жок болуп калат, жанымда болсун деп алып келдим. Медреседе баары бекер, эс алуу күндөрү келип жардам берип турушат. Буга чейин жашаган боорукерлер үйүндөүй-жайы жок мага окшогондор көп. Улам бири ооруйт, өзү ооруп араң турган кызымды оорутуп албайын деп чочулачумун. Кудайдан болуп «Элим барсыңбы?» кайрымдуулук фондунун жардамы менен демөөрчү табылып батиримдин акысын төлөп бермекчи болду. Анын жардамы менен Пригородный айылынан 4 миң сомдук бир бөлмөлүү батирге чыгып жашап жатам. Бул жак ным тартып турат экен, үйүбүз сыз болуп кыйналып атабыз. Иштейин десем, оорукчан кызымды ким карайт? Кайрымдуулардын жардамы менен эле эптеп жашап атам. Кызымды айыктырып алууну канча тилегеним менен акчанын жоктугу баарына жолтоо болуп турат. Учурда үч кызымдыкы биригип беш жарым миң сом пенсия алабыз. Ал акча айдан айга чейин эч нерсеге жетпейт. Кичүү кызым азыр 7 жашка чыгып калды, тура албайт, кечке жатат. Жини келсе кыйкырат. Маанайы жакшы болсо күлөт, «курсагың ачтыбы?» десек оозун ачат, баарын түшүнөт. Кызымды бутунан тургузуп алууга мээримдүү адамдар кол сунушса.

Жардам берүүнү каалагандар 0709 73 33 61 номерине байланышса болот.

Кыргызстан коммерциялык банкы
N 1030120205901023

Алуучу: Ботобаева Рахия Абдырашитовна

 

Толкунбек Исаков, юрист: “Укуктары ордуна келиши үчүн аракет кылышы керек”

– Биринчиден, буларда ЗАГС жок болсо да экөө никелик мамиледе болгон деген соттун чечими менен бекитсе болот. Экинчи соттун чечими менен кызынын атасы ошол адам экенин далилдесек болот. Үчүнчү кайнагасынын баласына жазылган үйдү экөө никелик мамиледе турган маалда салынган үй деген далилдер аркылуу тапканга мүмкүнчүлүк бар. Демек, үч соттун чечими менен укуктарын калыптандырса болот. Ошондон кийин мүлктү бөлүү процесси башталат. Мунун баары өтө көп убакытты талап кылат. Бирок укуктары ордуна келиши үчүн аракет кылышы керек. Кызынын майыптыгына далил бар болсо, бизге келсин, акырындан ишти баштап жардам беребиз.

Бул материал БУУнун өнүгүү программасынын жана Финляндиянын тышкы иштер министрлигинин “Кыргыз Республикасында сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү” жана “Туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу максатында укуктун улуктугун жана сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү жакшыртуу” долбоорунун көмөгү менен даярдалды.

Динара ЧОКОЕВА, “Леди.КГ”, 19.01.2016

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*