Таласта зомбулукка кабылган балдар үчүн борбор ачылууда

Талас шаарында зомбулукка кабылган балдарга жардам көрсөтүүчү борбор ачылууда. Бул тууралуу бүгүн “Балдар укугун коргоочулар лигасынан” кабарлашты. Жайдын ачылышы 20-январга пландалууда. Анда зордук-зомбулуктун түрүнө кабылган балдарга психологиялык, укуктук жана социалдык жардам көрсөтүлөт.

– “Ишеним телефондун” номурлары мектептерге илинет. Зомбулуктан жабыркаган балдар ошентип аныкталат. Жергиликтүү бийлик да жардам берет, – дейт лиганын кызматкери Эркаим Алиева.

Алиеванын айтымында, буга чейин мындай борборлор Бишкекте, Түптө, Караколдо, Кадамжайда ачылган. Жакынкы келечекте республиканын бардык аймактарында ачуу пландалууда.

Адистердин айтымында, миграциянын күчөгөн агымынан улам өлкөдө ата-энеси иштегени кетип, туугандарынын, тааныштарынын колунда калган балдардын кордук көргөн учурлары көп каттала баштады.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин 2015-жылы жүргүзгөн изилдөөсүндө мигранттардын туугандарынын колунда тарбияланып жаткан балдарынын саны 56 миң 462 экени аныкталды.

Азаттык

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*