Милдеттүү медициналык камсыздандырууга ким укуктуу?

Союз мезгилинде медициналык жардам бардык жарандарга кол жетерлик болуп, акысыз көрсөтүлүп келген. Акча төлөп дарылануу деген үч уктаса эч кимдин түшүнө кирген эмеc.  Көз карандысыз мамлекет болуп, жаңы коомдук-экономикалык формацияга –демократиялык-укуктук өнүгүү жолуна түшкөн соң бардык тармактарда түп тамырынан өзгөрүү жүрдү. Анын ичинде медициналык система да реформаланды. Медициналык тейлөө акысыз болбой калды.

Өлкөдө бул абалды жеңилдетүү талабы туулду.  Жалпыга маалым, калк үчүн акысыз жана жеңилдетилген медициналык жардам берүү максатында КР Президентинин 1996- жылдагы Жарлыгы менен Милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасынын (ММК) борбордук аткаруу органы – КР Өкмөтүнө караштуу республикалык ден соолук кассасы түзүлгөн. ММКга төгүмдөрдү чогултууга жооптуу болуп Социалдык фонд дайындалган. Кийин Өкмөттүн 1998-жылдын № 440 “КР Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду жөнүндө” токтому менен республикалык ден соолук кассасы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду болуп аты өзгөртүлгөн.

Айтайын дегенибиз, милдеттүү медициналык камсыздандырууга кимдер укуктуу болуп саналат жана жарандар ММК күбөлүгүн кантип алат? Ушул суроолор менен ММКФнун Ош аймактык башкармалыгынын башчысынын орун басары Д.Турсунбековага кайрылганыбызда төмөнкүлөрдү маалымдады:

-Адегенде айтаарым- милдеттүү медициналык  камсыздандыруунун максаты – камсыздандырылган жарандарды сапаттуу медициналык жана профилактикалык жардам менен камсыз кылуу. Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун киргизилиши саламаттыкты сактоо мекемелерин колдоого мүмкүндүк берди. Анын киргизилиши менен жаңы, прогрессивдүү ыкмалар иштелип чыкты. Ортодо 1999-2000-жылдары ММК каражаттарынын үлүшүнүн жогорулашы, калктын жана саламаттыкты сактоо мекемелеринин милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасы менен бир кыйла кеңири камтылышынын натыйжасында ММК боюнча медициналык кызматка акы төлөөгө, мурунку колдонулган статьялар боюнча бюджеттик каржылоого камтылган стимулдардын ортосунда карама-каршылык сезиле баштаган. Ошондон кийин медициналык кызматка акы төлөөнүн бирдиктүү эрежелерине өтүү зарылчылыгы келип чыкты.

Саламаттыкты сактоо секторун каржылоо начарлап бараткандыгына жана калк үчүн каралган жеңилдиктердин жетишерлик деңгээлде каржыланбаганынан улам 2001-жылы мамлекеттик кепилдиктер программасы иштелип чыккан. Бул программа бюджеттин жана ММК каражаттарынын эсебинен калкка акысыз жана жеңилдетилген шартта көрсөтүлө турган медициналык кызматтын көлөмүн аныктоочу мамлекеттик социалдык стандарт болуп эсептелет. Бул программага саламаттыкты сактоого каралган бардык чыгымдардын 70%ы туура келет. Акыркы жылдары саламаттыкты сактоого бөлүнгөн каражаттын көбөйүшү – мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында калкка акысыз көрсөтүлүүчү медициналык жана профилактикалык жардамдын көлөмүн, түрлөрүн кеңейтүүгө мүмкүндүк берди.  Учурда  мамлекеттик кепилдиктер программасына ылайык 10 жашка чейинки балдарга, кош бойлуу аялдарга, төрөт учурунда жана төрөттөн кийинки мезгилде, 70 жаштагы жана андан улуу пенсионерлерге медициналык жардам акысыз көрсөтүлөт.

Азыр ММК фондуна мыйзамдуу түрдө Бирдиктүү төлөө системасынын функциясы бекитилген. Бул саламаттыкты сактоо системасында жаңы каржы жана уюштуруу түзүмүн түзүүгө, каражаттарды натыйжалуу жана адилеттүү колдонууга мүмкүндүк берет. Саламаттыкты сактоо сектору төлөөчүгө жана медициналык кызмат көрсөтүүчүгө – жабдуучуга бөлүнөт. ММК фонду Бирдиктүү төлөөчү тутумдун аткаруучу органы болуп эсептелет.

Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 17-январындагы №9- “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” Мыйзамы менен милдеттүү медициналык камсыздандырууга ай сайын чегерилүүчү эмгек акы фондунан 2% аныкталган.

2001-жылы мамлекеттик кепилдиктер программасы (МКП) иштелип чыккан.  Ага ылайык республикалык бюджеттин жана ММК каражаттарынын эсебинен акысыз жана жеңилдетилген шартта көрсөтүлүүчү медициналык кызматтын өлчөмү, түрлөрү жана тартиби аныкталган. МКПга ылайык баштапкы деңгээлде базалык медициналык кызматтар жана кечиктирилгис медициналык жардамдар бардык калкка акысыз көрсөтүлөт. Кошумча төлөмдүн киргизилиши бейтапты ооруканага жаткырууну жана стационарларда кымбат турган медициналык кызматтарды алууну токтотуучу механизм болуп калды. Жеңилдетилген дары-дармек менен камсыз кылууну ишке ашырууда ММК фонду тарабынан республикадагы тиешелүү дарыканалар жана   дарыкана пункттары менен келишим түзүлгөн. Андан сырткары,  медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнү камсыз кылуу үчүн ММК фонду тарабынан  саламаттыкты сактоо уюму менен келишим түзүлгөн.

Бүгүнкү күндө милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин алуу менен да ММКФ системасы аркылуу меджардам алууга болот. Камсыздандыруу полисинин наркы 500 сом, ал саламаттыкты сактоо уюмдарында камсыздандырылган жарандарга медициналык жардам алууга  укук берет.

Сөз башында ММКга төгүмдөрдү чогултууга жооптуу болуп Социалдык фонд дайындалган деп айттык. Жарандарга идентификациялык номерин коюу менен Милдеттүү медициналык камсыздандыруу күбөлүгү соцфонд тарабынан берилет. Биз Ош шаардык соцфонд башкармалыгынын бөлүм башчысы Махабат Бакировага күбөлүктөрдү берүү тартиби кандай болоору тууралуу сурап кайрылганыбызда мына буларды билдирди:

– Милдеттүү медициналык камсыздандыруу күбөлүктөрү кайрылган Кыргызстандын жарандарынын баарына берилет. Ай сайын Ош шаардык ЖААЖдан бизге төрөлгөн балдар тууралуу маалымат келип түшөт. Биз ар бир баланы ММКФга каттоого алабыз. Эгерде, балдардын ата-энелери чет мамлекеттерге баруусу керек болсо, кайрылаары менен тиешелүү мөөнөттө ММК күбөлүгү берилет, анткени алар балдарына тиешелүү мыйзамдарга ылайык, паспорт алышат.

Ал эми мектеп окуучулары ММК күбөлүгүн мектептин мугалимдеринин аракети менен   мектеп аркылуу алышат. Мындан тышкары ата-энелери да кайрылып, алышса болот. Ишкана-мекемелерде иштегендер иштеген жери аркылуу алышса болот.

Жогорку маалыматтардан улам милдеттүү медициналык камсыздандырууга ар бир кыргызстандык жаран укуктуу экендигин билдик. Ошондой эле мамлекет тарабынан ММК системасы калыптанып жана ыргактуу иштеп жаткандыгы белгилүү. Башкысы-жарандарыбызды ошол укугунан пайдалана билүүгө чакырабыз.

“Бул материал Бириккен улуттар уюмунун өнүктүрүү программасы (БУУӨП) жана Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин «КРдеги сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү» жана БУУӨПтүн «Туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу максатында укуктун улуктугун жана сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү» долбоорлорунун колдоосунда даярдалды”

Ош жаңырыгы, 16.01.2016

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*