Кызмат көрсөтүү борборуна калк ыраазы

2015- жылдын июнь айында Ноокат районун Кеңеш айыл өкмөтүндө Бириккен Улуттар Уюмунун өнүгүү программасынын жана Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин Кыргыз Республикасында Сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү жана туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу максатында Укуктун улуктугун жана сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү жакшыртуу долбоорунун көмөгү менен Кызмат көрсөтүү борбору түзүлгөн. Анын аткарган иштери туурасында билүү максатында жергиликтүү фасилтитатор , юрист Муктарбек Осмоновду кепке тарттык.

ЫКЧАМ ТОП ТҮЗҮЛДҮ

– Биз алгач ишти баштардан мурда долбоордун алкагында айыл өкмөт башчысы Калмамат Кудайбердиев менен биргеликте атайын семинар-тренинге катышып келдик. Андан соң айыл өкмөтүнүн кызматкерелеринен, аялдар кеңешинин,аксакалдар сотунун мүчөлөрүнөн жана жаш активистерден куралган калкка укуктук жактан жардам көрсөтүү максатында ыкчам тобу түзүлдү.

– Ыкчам топ өзүнүн алдында кандай милдеттерди коюду?

– Топтун негизи милдети болуп калктын социалдык аялуу тобунун укуктук көйгөйлөрүн аныктоо жана аялдарга, тобокел топтогу балдарга жана жаштарга, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга укуктук жактан жардам көрсөтүү, анын ичинде сот адилеттиги институттары менен биргеликте иш алып баруу калктын социалдык аялуу тобунун укуктук көйгөйлөрүн чечүү боюнча иш-аракеттерди координациялоо болуп эсептелди. Ыкчам топтун август айындагы олтурумунда топтун айылдарда иштөө графиги бекитилди.Укуктук кызмат көрсөтүүнүн механизмдери боюнча долбоордун аймактык эксперти тарабынан презентация жасалды. Өнөктөштөр менен – мамлекеттик каттоо кызматы ( ГРС) , ЖААК (ЗАГС) кызматкерлери менен чогуу иштөөнүн жолдору түшүндүрүлдү. Ыкчам топтун айылдарда практикалык иш алып баруу кадамдары сунушталды. Айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбердиев тарабынан топтун мүчөлөрүнө практикалык иш алып баруу жоопкерчилиги жүктөлдү.

– Бул маалыматтарды калкка кабарлоо жагында кандай иш алып бардыңыздар?

– Мында биз калктын социалдык-аялуу топтору менен иштөө үчүн практикалык иштин графиги жана анын максаты жөнүндөгү жарыялар Куу-Майдан, Арбын, Шаң-Кол, айылдарында илинди. Ошондой эле ушул маалыматтар аталган айылдардагы мечиттерде, мектептерде айтылды. Мындан тышкары 2015-жылдын 11-сентябырында айыл башчыларынын катышуусунда жумушчу жолугушуу өткөрүлдү. Аларга ыкчам топтун айылдарда иш алып баруу милдеттери жана алардын иштөө графиги жөнүндө маалымат берилди.

Укуктук көйгөй менен кайрылган жарандарды каттоо боюнча журнал ачылып, тийиштүү маалыматтар жазылды. Көйгөйдүн чечилүүсүнө карата анализ жүргүзүүгө, маалымат-базасын түзүүгө мүмкүнчүлүк болду. Топтолгон маалыматтар маселени өнөктөштөр менен биргеликте сапаттуу чечүүгө жардам берди.

– Дагы бир баса белгилеп кетчү жагдай долбоордун алкагында – аталган кызмат көрсөтүү борборунда муниципалдык кызматтар менен биргеликте документтештирүү боюнча Мамлекеттик каттоо кызматынын. (ГРС) жарандык абалдын актыларын каттоо (ЗАГС) мекемесинин адистери тарабынан мамлекеттик кызматтар көрсөтүлдү.Буга кошумча жергиликтүү фасилитатор-юристке жана социалдык жактан коргоо кызматкерине укуктук кызматты уюштуруу үчүн айыл өкмөтүнү имаратында атайын бөлмө ажыратылып берилди. Ал капиталдык ремонттон өткөрүлүп, жарандар жана кызматкерлер үчүн жакшы шарттар жаратылды..Долбоор тарабынан тийиштүү мебелдер жана офисттик техникалар алынды. Азыркы учурда кызмат көрсөтүү борборунда муниципалдык кызматтар менен укутук жардам берүү ишке ашууда. Ошондой эле борборго келген жарандар Кыргыз Республикасынын мыйзамдар менен таанышууга чоң мүмкүнчүлүк алышууда . Долбоордун алкагында чыгарылган кыргыз тилиндеги «Паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуу зарылбы?», «Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын актуалдуу укуктук суроолору» сыяктуу колдонмолордун таркатылышы да калктын аялуу катмарынын укуктук жактан маалымат алуусуна чон жардам берүүдө.

83 КӨЙГӨЙ АНЫКТАЛДЫ

– Ыкчам топтун ишини жүрүшүндө кандай көйгөйлөрдү аныктоого болду?

– 2015-жылдын август, сентябрь, октябрь айларында калктын аялуу тобун мамлекеттик документтер менен камсыздоо үчүн алардын укуктук көйгөйлөрүн аныктоо, топтоо боюнча ыкчам топ тарабынан жогоруда аты аталган айылдарда 9 жолу практикалык иштер өткөрүлдү. Натыйжада калктын социалдык аярлуу топторунун арасында 83 жарандын укуктук көйгөйлөрү аныкталды. Алардын ичинен 23 жаран туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок болсо, нике тууралуу күбөлүгү жоктор- 11, паспорту (ID картасы) жоктор -29, түрдүү юридикалык документтери боюнча -7, жер талаш маселеси боюнча- 13 жаран кайрылган. Алардын көйгөйлөрү жана өздүк маалыматтары атайын формага түшүрүлдү.

Долбоордун алкагында жалпысынан биздин айыл өкмөт боюнча калктын аялуу катмарынын 33 кишисине укуктук кеңеш берилди. Алардын ичинен туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуу боюнча – 14, нике тууралуу күбөлүк алуу боюнча -9, паспорт (ID картасын) алуу боюнча -10. Мындан тышкары бир топ жарандар адвокаттын квалификациялуу юридикалык кеңешин алышты. Дагы бир өзгөчө айта кетчү жагдай кызмат көрсөтүү борборуна кайрылган жарандар айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринен тийиштүү тастыктоочу аныктамаларды алышты. Кайра эле даярдалган аныктамалар мамлекеттик документтерди алуу үчүн Мамлекеттик каттоо кызматына (ГРС,) ЖААК (ЗАГС)тын тийиштүү адистерине тапшырылды. Бир эле жерде укуктук кеңеш берүү, аныктамаларды алуу, тийиштүү документтерди тапшыруу ишке ашырылды. Документ алууга тийиштүү жарандардын өздөрүнүн келүүсү көйгөйдүн ордунда чечилүүсүн шарттады. Натыйжада жарандар башка учурлардагыдай документ алууда райборборго чуркоо, райондук ЖААК (ЗАГС) кайрылуу, кайрадан айыл өкмөтүнө келүү, сыяктуу убарагерчиликтен арылышты. Бекитилген график боюнча ар жуманын 3-чү күнү документке муктаж болгон адамдарга кабар берилип, алар менен иш алып баруу оңой болду. Транспорт каражаты, убакыт үнөмдөлдү.

АЙЫЛ ӨКМӨТҮНӨ ИШЕНИМ АРТЫЛДЫ

– Сиздин жеке баамыңызда долбоордун элге пайда алып келген жагы кайсыл болду деп ойлойсуз?

– Биринчиден, документ алган адамдарда айыл өкмөтүнө карата чоң ишеним пайда болду. Буга айыл өкмөтүнүн дарегине айтылган көптөгөн ыраазычылыктар далил болот деп ойлойм. Экинчиден, бул жүзөгө ашырылган долбоор ушундай эле усул менен Кызмат көрсөтүү борборунда муниципалдык кызматтар менен башка мамлекеттик кызматтарда биргеликте иш алып баруу эң жакшы натыйжаларга жетишүүгө боло тургандыгын тастыктады. Мындай кадамдарды колдоо керек. Үчүнчүдөн,эң башкысы элдин укуктук жактан маалыматынын кеңейишине жана документ иштерин ыкчам, кыска убакытта бүтүшүнө жакындан жардам берди.

– Иштин жүрүшүндө сизди кайсыл көйгөй көбүрөөк ойлонтту?

-Көпчүлүк жарандарыбыздын укутук аң сезимини төмөндүгү болду. Ушунчалык түзүлгөн шарттарга карабай кээ бир жарандарыбыз өздөрүнүн документ алуу көйгөйлөрүн чечүүгө жасаган кайдигер мамилеси аябай өкүнттү. Менимче айыл өкмөтүнүн ушундай долбоорлор менен иштөөсү мындай көз караштардын жоюлуусуна чоң салым кошот деп ойлойм.

– Магеңиз үчүн чоң ырахмат. Биз да сиздин сөзүңүздү кубатоо менен бүгүн ар бир айыл өкмөттө калктын аялуу катмарынын өкүлдөрүнө укутук жардам көрсөтүү окууларын, кызматтарын уюштуруу тууралуу ойлонууга мезгил келди деген оюбузду кошумчаламакчыбыз.

Бул макала Бириккен Улуттар Уюмунун өнүгүү программасынын жана Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин Кыргыз Республикасында Сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү жана туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу максатында Укуктун улуктугун жана сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү жакшыртуу долбоорунун көмөгү менен даярдалды

Нуркамил Абдуллаев, Ноокат таңы, 15.01.2016

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*