Кыргызстанда 56 миңден ашуун бала туугандарынын колунда тарбияланууда

11F07AA9-74B3-4E15-A996-8EBF91EAF2BF_w640_r1_s

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин 2015-жылы жүргүзгөн изилдөөсүндө туугандарынын колунда тарбияланып жаткан балдардын саны 56 миң 462 экени аныкталды. Алардын баары Кыргызстандан чет элге кеткен эмгек мигранттарынын перзенттери экенин министрликтин Үй-бүлө жана балдарды коргоо башкармалыгынын башкы адиси Каным Абылова “Азаттыкка” билдирди:

-Биздин адистерибиз өлкө аймагындагы 316 680 үйдү кыдырып, мигранттардын балдарын каттоого алышкан. Туугандарынын колундагы 56 миңден ашуун баланын 683ү камкордук уюмдарына берилген. 136 бала интернат тибиндеги мекемелерге жиберилди. 55 миң 653 бала туугандарынын колунда.

Жогорудагы сандар расмий изилдөөнүн жыйынтыгы. Бейрасмий эсепте мигранттар балдары көп экенин адистер белгилешет. Соңку кездери жакындарынын колунда тарбияланып жаткан жеткинчектердин зомбулукка кабылган фактылары тез-тез катталууда.

Азаттык

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*