3 өспүрүм өз жанын кыйган

Ноокат районунун прокуротурасынын берген маалыматына караганда 2015-жылдын 10 айында район боюнча жаш өспүрүмдөр арасында өзүн-өзү өлтүрүү боюнча 3 жана өз жанын кыюууга далаалат кылган 2 факты катталган. Мындай окуялар Ноокат шаарында, Көк-Жар жана А. Мирмахмудов атындагы айыл аймактарында орун алган. Он гүлүнөн бир гүлү ачы элек жаш балдар-кыздардын минтип эртелеп өмүр менен коштошуусуна ар ким ар кандай пикир айтат. Айрымдар көр тиригликтеги жетишпестикти белгилешсе, дагы бирөөлөр үй-бүлөдөгү ата-эненин бири-бири менен түшүнбөстүктөрдү көрсөтүшөт. Биз да бул маселенин тегерегинде кээ бир адистердин, серепчилердин оюн уктук.

«АТА-ЭНЕЛЕР БАЛДАРГА АЗ УБАКЫТ БӨЛҮШӨТ»

Хамида Жаханбаева, Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси:

-Баштагыга караганда бүгүн ата-энелердин бала тарбиялоо маданиятына анчейин көңүл бурушпай калды. Азыр көпчүлүк ата-энелер турмуштун айынын таң эртеден ишке кетип, кечинде кайтышат. Балдары менен кен-кесири олтуруп алардын ички дүйнөсү эмнени каалап жаткандыгына да кызыгышпайт. Көпчүлүк улуу муундагылар балдарыбызды кымбат телефон, кийим-кече, акча менен камсыз кылсак баары жакшы болот деп ойлошот. Ошол эле учурда жакыр жашаган ата-энелердин балдары өздөрүнү жоро-жолдошторунун алдында ыңгайсыз сезип чүнчүп кетишет. Өздөрү каалаган нерсесинине жетүүсүнө ата-энесинин да мүмкүнчүлүгү жоктугуна, же алардан каттуу кагуу жегенине чыдабаган айрым өспүрүмдөр өзүнүн жанын кыйюуга бел байлат. Андыктан тарбиянын баарын мектепке шилтеп койбой ата-эне балдарга жакын болуулары керек. Алар менен достордой сухбатташып, балдардын эмнени каалап жатышкандыгын жана кайсыл нерселер аларды ойлонкондугУ туурасында ойлорун угуу зарыл.

«СОЦ ПЕДАГОГ ТАНДООГО ЧОҢ МААНИ БЕРҮҮ КЕРЕК»

Зейнеп Эшмуратова, «Ар бир балага үй-бүлө» коомдук фондусунун жетекчиси:

– Өспүрүмдөрдүн суицидке баруусуна үй-бүлөнүнүн аз камсыз болуу, ата-эне менен баланын ортосундагы мамиленин алыстап кетиши чоң таасир берет. Мындан тышкары өспүрүмдөрдө 11-17 жаш аралыктарында бир нече өткөөл мезгилдер болот. Ар бир ата-эте ушуга маани берүүсү керек. Өкүндүргөн нерсе бизде азыр бала тарбиялоо жаатында ата-энелер дээрлик изденишпейт. Анын үстүнө миграциянын айынан кээ бир балдар ата-энелерин жылына бир гана жолу көрөт. Азыр мектептерде аз камсыз болгон үй-бүлөнүн, миграцияда жүргөн ата-энелердин балдары менен соц педагогтор иш алып барууда. Бул жакшы деңизчи, бирок мында мектеп директорлору бир нерсени, психологияны жакшы түшүнгөн мугалимдерди тандоолору керек. Анткени бала менен иштөө өтө дыккаттыкты талап кылат. А бизде көбүнчөсү бул нерсеге анчейин маани берилбей жаш же болбосо, тажрыйбасыз мугалимдер соц педогог болуп катары тандалган учурлар кездешет… Өспүрүмдөрдү мындай кризистик кырдаалдан чыгарууда бала менен гана эмес анын айланасындагылар, ата-энелер менен да тыгыз иш алып баруу керек. Анан балага ишеним берүү жагына көңул буруу зарыл.

«АТААНДАШУУДА СЕБЕП БОЛУУДА»

Алишер Мирзалев, жергиликтүү серепчи:

– Мындай окуялар өспүрүмдөр гана эмес жаштар, студенттер арасында көп кездешүүдө. Себебин баарыбыз билебиз, жетишпестик же болбосо атаандашуу, ата-энеге таарынуу, кызына же жигитине жетпей калуу сыяктуу факторлор. Бирок, биз бүгүн жалпы коомчулук ата-энелер, мугалимдер, активистер, дин өкүлдөрү маселенин алдын-алууда алгылыктуу иштер аз аткарып жатабыз. Мында жаштарды шыктандырган идеологиянын жоктугу да өз кедергисин тийгизип жатат. Биздин моюнубузда ушул тапта өспүрүмдөргө, жаштарга өрнөк алчу иштердин үстүндө көбүрөөк баш катыруубуз зарыл. Ал үчүн албетте мамлекттик деңгээлде жугумдуу, анан жагымдуу прогораммаларды ишке салуубуз керек.

«БАЛДАР УКУКТАРЫ БАСМЫРЛАНБАСА»

Жогорудагы ой-пикирлерге кошулуу менен кээде айрым ата-энелерге балдарын өтө эле каттуу тартипте кармап укуктарын басмырлап койгон учурларды да баса белгилеп койгонубуз оң. Ошол эле учурда кээ бир ата-энелер балдарына ашыкча эле эркиндик берип,эркелетип жиберген жагдайларды да айта кетели.

Андыктан «Тарбияда танапис жок» дегендей бүгүн балдарды тарбиялоо ишин бир гана бала бакчалара, мектептерге жүктөп салбастан жалпы коомчулук колго алуу азбез. Ата-энелерге балдардын укуктары туурасында маалыматтарды берүү керек. Ал үчүн юристерден , психологдордон, педагогтордун жардамында атайын окууларды, семинар-тренингдерди уюштуруулар өз натыйжасын берет. Мында ушул багытта иш жүргүзүп жаткан мамлекеттик эмес уюмдардын, коомдук фонддордун жардамынан пайдалануу керек.

Бул макала Бириккен Улуттар Уюмунун өнүгүү программасынын жана Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин Кыргыз Республикасында Сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү жана туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу максатында Укуктун улуктугун жана сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү жакшыртуу долбоорунун көмөгү менен даярдалды.

Нуркамил Абдуллаев, Ноокат таңы, 15.01.2016

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*