Өз убагында үйүн каттоого койбогон аял үйүнөн ажыроо коркунучунда

Жалал-Абаддык аял 1998-жылы үй сатып алып, ошол убакта паспорту жоктугуна байланыштуу оз убагында мамлекеттик каттоодон өткөро албай, анын негизинде үйүнөн куру калуу коркунучунда.

Жалал-Абад шаарынын тургуну Гулмайрам Исакова (аты жөнү өзгөртүлдү) 1998-жылы үй сатып алып, бирок мамлекеттик каттоодон өткөрбөгөндүгү үчүн эми үйүнөн куру кол калды.

Анын айтымында, мындан 18 жыл мурда алган үйүнө ээ чыга албай калган.

Мындан туура 18 жыл мурун шаардан үй сатып алганмын. Ошол учурда паспортум жок болуп, ал турак-жайды убагында мамлекеттик каттоодон өткөрө алган эмесмин. Бирок сатып алгандыгым тууралуу үй ээсинен анын мага саткандыгы жөнүндө тил кат алганмын. Андан көп өтпөй эле үйүмдүн мурунку ээси автоунаасы менен бир жигитти сүзүп кетип, ага карата кылмыш иши козголуп, соттун чечими менен камалган. Камалган колониядан Россия Федерациясына качып кетип, 2004-жылы каза тапкан. Ал эми кырсыктын натыйжасында каза болгон баланын атасы моралдык жана материалык зыян өндүрүү жөнүндө сотко арыз менен кайрылган. Сот өлгөндүгү тууралуу күбөлүк бар туруп, өзүнүн чечими менен өлгөн адамдан моралдык жана материалык зыян өндүргөн. Өндүрүүнү анын наамында катталган турак-жайга бурулган. Ал эми ал турак-жай жогоруда айтылган тил кат менен мен сатып алган үй болду. Бүгүнкү күндө өлгөн адамдан моралдык жана материалык зыян өндүрүү жөнүндөгү чечимдер жогорку турган инстанциялар тарабынан жокко чыгарылбай жатат. Ал эми менин тил каттын негизинде сатуу, сатып алуу келишимин анык деп таап берүү жөнүндө арыз менен сотко кайрылсам, ал соттор тарабынан канааттандырылбай келет. Кандай чара көрүү менен турак-жайды өзүмдө калтыра алам?”,-дейт, үй мүлкүнөн  ажыраган Г.Исакова.

Бул тууралуу “Укук жана Мыйзам” Юридикалык компаниясынын директору Нургазы Абдувалиев: “Россия Федерациясына качып кетүү менен ал жакта каза болгон адамдын кылмыш ишин анын өлгөндүгүнө байланыштуу өндүрүштөн кыскартуу керек. Ал эми моралдык жана материалык зыян өндүрүү жөнүндөгү соттун чечими ал адам өлгөндөн кийин чыгарылган болсо, анын өлгөндүгү тууралуу күбөлүктү тиркөө менен соттун чечимине карата жаңы-ачылган жагдайлар боюнча кайра сотко кайрылып, мурдагы соттун чечимин жокко чыгаруу менен, моралдык жана материалык зыян өндүрүү жөнүндөгү арызды кароосуз калтырып берүүнү сураңыз. Сот албетте бул учурда Сиздин арызыңызды канааттандырат.

“Бул материал Бириккен улуттар уюмунун өнүктүрүү программасы (БУУӨП) жана Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин «КРдеги сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү» жана БУУӨПтүн «Туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу максатында укуктун улуктугун жана сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү» долбоорлорунун колдоосунда даярдалды” 

Даярдаган: Санрабия САТЫБАЛДИЕВА, “Аймак”, 12.01.2015

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*