Атасынан калган үйдү бир туугандар талашууда

Сузак районундагы айылдардын биринде 3 бир тууган ага-ини атасынан калган  үйүн талашууда.

3 бир тууган ага-ини атасынан калган үйдү талашууда. Мындай билдирүүнү аталган ага-инилердин кичүүсү Кыпчакбек Эрмекбаев (ред. Аты жөнү өзгөртүлдү) билдирди.

К.Эрмекбаевдин билдирүүсүндө, эки агасы К.Эрмекбаевди үйдөн чыгып кетүүсүн талап кылып, эч болбосо теңге бөлүүсүн айтып, коркутушууда.

-Агаларым менен кудайга шүгүр эле мамиледе болчумун. 5 жыл мурун атабыз 90 жашка жакындап калганда көз жумду. Азыр апам менен атамдын  үйүндө мен турам. 2 жылдан бери менден улуу агаларым үйдөн чыгып кетүүмдү талап кыла башташты. Алардын жашоо шарттары жакшы эле. Мен болсо атамдын үйүндө калам деп өзүмө үй жай кылган эмесмин. Эми эмне кылышты билбей жатам. Кайда барып акыйкаттык тапсам болот. Соттошоюн дейм, элден уялам. Үй болсо улуу агамдын аялынын наамына туруп калган,-дейт К.Эрмекбаев.

Агалары үйдөн чыгып кетүүсүн талап кылган каарманымдын мындагы абалын көрүп, акыйкаттык табуусуна жардамдашуу максатында юристтерге кайрылып көрдүм.

-Негизинен алганда бул өтө татаал окуя болуптур. Үй жеңесинин наамында болгону үчүн талашууга мүмкүнчүлүк жок. Азыр бир эле вариант үчкө бөлүп алгандары оң. Анткени тиги жеңесинин кайнисин үйдөн чыгарып салууга толук укугу бар,-деп жооп берди Жалал-Абад шаарындагы Укук жана Мыйзам аталышындагы юридикалык акысыз кеңеш берүүчү компаниянын директору Нургазы Абдувалиев.

“Бул материал Бириккен улуттар уюмунун өнүктүрүү программасы (БУУӨП) жана Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин «КРдеги сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү» жана БУУӨПтүн «Туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу максатында укуктун улуктугун жана сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү» долбоорлорунун колдоосунда даярдалды” 

Даярдаган: Санрабия САТЫБАЛДИЕВА, “Аймак”, 12.01.2015

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*