Төрөт үчүн акча алуу коррупциябы же сүйүнчүбү?

torot

Операция жолу менен төрөгөн аялдын жакындары дарыгерлерге чоң өлчөмдө акча беришкенин айтышат. Анткен менен алар башка жарандардай эле өз укуктарын коргоого аракеттенип же тиешелүү органдарга кайрылышкан эмес.

Айгүл Кадырованын сиңдиси бир ай мурда Ош шаардык төрөт үйүндө көз жарган. Башында кош бойлуулугу жакшы өтүп жатат деген келинди дарыгерлер операция менен төрөткөн. Ак халатчандар мындай кадамды акча алуу үчүн жасаган деп эсептейт аялдын жакындары.

“Башында жакшынакай жүргөн сиңдимди өз алдынча төрөй албайт, операция кылыш керек деп эле бизди коркутуп туруп алышты. Бир палатада беш аял болсо, бешөө тең кесарево менен төрөгөндөр. Дарыгерлер өзү төрөй ала турган аялдарды деле операция жасап төрөтүшү — эптеп эле акча алуунун амалы”,- дейт Кадырова.

Айгүлдүн айтымында, алар ооруканага кайрылганда эле дарыгерлер төрөт үчүн акы алынаарын билдиришкен.

“Врачтын атын айтпай эле коеюн, бараарым менен эле “мен 20 жылдан бери иштейм, өзүм аман-эсен төрөтөм, бирок ставкам 100 доллар”деди. Мен анча акчаны кайдан табам деп ойлонуп калдым. Сиңдим операция болоору анык болгондо 100 доллардан да көп сурашат го деп сарсанаага түштүм”,- дейт Кадырова.

Көз жарган келин төрөөргө бир ай калганча жолдошу менен чогуу Россияда иштеп жүргөн. Ал жакта москвалык дарыгерлердин көзөмөлүндө болгон.

«Мен төрөт акысыз экенин абдан жакшы билип эле турдум, бирок, сиңдимди жакшы карабай койбосун деп акча алып жатканыңар мыйзамга туура келеби деп сурагандан корктум»,- дейт Кадырова.

Ошентип, акысыз төрөт үчүн эже-сиңди акча берүүгө мажбур болушкан.

«Анестезиолог «бизге  акча берип, ыраазы кылып койсоңор, жакшы карайбыз. Анын үстүнө бюджеттик мекемеде иштегендерди билесиңер да, айлыгыбыз аз» деди. Канча берээримди сурасам, 200 доллар дейт. Сурашкан акчасын берүү бизге кыйын эле болду. Жакында эле апабыз өтүп кеткен эле».

Кадырова кошумчалагандай, дарыгерлердин үлүшүнөн сырткары ымыркай менен энесинин саламаттыгын калыбына келтирүүгө көп каражат кетти.

«Иштебей, үйдө отурганда кыйын эле болот экен. Андан башка тамак-аш, памперстери, ороо-чулгоолору дегендей, чыгым көп. Буга кошумча күндө такси менен сиңдимдин жарасын таңдырганы ташып аттык. Ушунун баары акча. Күйөө балам уулун көргөнү келе албады. Ал иштебей турса, ким багат үй-бүлөсүн?”.

Ош шаардык төрөт үйүнүн баш дарыгери Мырза Станбеков мамлекеттик медициналык мекемелерде “ставка” тууралуу сөз да болушу мүмкүн эместигин айтат.Анын айтымында төрөттү кабыл алгандардын акча талап кылууга укугу жок. Бирок ак халатчандардын баары эле өз кызматына кыянаттык кылбайт деп айтуу кыйын.

“Кээде аталар сүйүнүп кетип, өздөрү акча бериши мүмкүн. Беш кол тең эмес, дарыгерлердин баары эле кийип жүргөн ак халатындай таза деп айтуудан алысмын. Акча талап кылышы да мүмкүн, бирок мага эч ким арызданып келген жок”,- дейт Станбеков.

Мыйзамга ылайык, Кыргызстанда кош бойлуу аялдар жана беш жашка чейинки балдарга медициналык жардамдын бардык түрү акысыз көрсөтүлөт. Башкача айтканда, аял кош бойлуулук боюнча каттоого алынгандан тарта төрөгөнгө чейинки кызматтын баары мамлекет тарабынан кепилденген. Бирок бул кагаз жүзүндө калып, жарандар өз укуктарынын сакталышын талап кыла бербейт.

Айгүл Кадырова төрөтканадагы дагы башка нааразылык жараткан жагдайлар тууралуу ой бөлүштү. Маселен, аялдын төрөтү үчүн ыңгайлуу болгон атайын отургучка чыгуу 500 сом турат.

“Керебетте төрөө бекер, ал эми атайын отургуч үчүн акы алынат туура”,-деп нааразы ал.

Ички тартип боюнча дарыгерлер кош бойлуу аялдар үчүн болгон шартты түзүүгө милдеттүү жана бул үчүн акча талап кылууга болбойт.

“Мен мындай дооматтар менен макул эмесмин. Бизде баары акысыз, аял каалаган ыкмасы менен каалагандай абалда төрөй алат. Креслого да чыкса болот. Ушул үчүн акча алышат дегенге мен макул эмесмин. Болушу мүмкүн эмес”,- дейт Станбеков.

2015-жылдын биринчи жарымында эле Ош шаардык ооруканасынын төрөт стационарында 4100 бала жарык дүйнөгө келген. Алардын миңден ашыгы операция жолу менен төрөлгөн. Бул ар бир төртүнчү аял хирургиялык жол менен көз жарды деген сөз. Ушул сандар Айгүл Кадырованын операция аялдын абалына карап эмес, дарыгерлердин көбүрөөк акча табышы үчүн белгиленет деген күмөн оюн тастыктагандай. Бирок адистер бул пикирге кошулушпайт.

«Кесарево бир нече дарыгерлердин консилиумунан кийин гана белгиленет. Эгер аял өзү төрөгөнгө тобокелдик бар болсо, операция кылууга мажбурбуз. Бул акысыз болот”,-деп ишендирди Станбеков.

Эгерде дарыгер кош бойлуу аялдан же беш жашка чейинки балдардан медициналык кызмат үчүн акча талап кылса, анда жарандар анын үстүнөн прокуратурага арыз менен кайрылууга акылуу дешет юристтер.

Белгилей кетсек, быйылкы биринчи жарым жылдыкта Ош шаардык төрөт үйүндө 60 ымыркай өлүк төрөлсө, 38 наристе төрөлгөндөн кийин чарчап калган. Үч аял төрөттөн көз жумган. Изилдөөлөр мындай кайгылуу окуяларга үй-бүлөнүн социалдык абалы себепчи экенин көрсөттү. Кош бойлуулугуна карабастан, чет жактарда иштеп жүргөн аялдар арбын. Алардын басымдуусу дарыгерлердин көзөмөлүндө болушпайт. Саламаттыгына карабай, оор шарттарда иштеп жүрүшүп, ай-күнүнө жеткенде гана мекенине келип, төрөшөт. Алар өздөрү да бир тараптан күнөөлүү болуп, тиешелүү медициналык кагаздарды көрсөтө албаган соң, төрөтканада дарыгерлер сураган акчаны берүүгө мажбур.

БУУПӨПтүн “Кыргыз Республикасында сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү” жана “Туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу максатында Укуктун улуктугун жана сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү жакшыртуу” долбоорлорунун алкагында даярдалды.

Жанна Аскарова, Азаттык үнү, Ош, 11.01.2015,
Макаланын дареги: http://vof.kg/?p=29458

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*