“Марал ФМ”: Мыйзамсыз жоопко тартылгандар (аудио)

11.01 foto

“Жарандар убактылуу кармоочу жайда 1 жылдан ашык да отурбашы керек. Бирок СИЗОлордо канчалаган жарандар 2-3 жылдап, мыйзамсыз кармалгандарда кездешет” – дейт эксперттер.

“Акыйкат таразасы” программасынын бул жолку чыгарылышында, мыйзамсыз жоопко тартылгандар же болбосо мыйзамсыз кармалган жарандар туурасында талкууладык. Студиянын коногу КРнын адвокатурасынын мүчөсү Айжан Касымалиева жана мыйзамсыз кармоого дуушар болгон Улан Орозов.

КРнын конституциясында так көрсөтүлгөн;
Эч ким соттун чечимисиз 48 сааттан ашык мөөнөткө кармалышы мүмкүн эмес.
Ар бир кармалган адам ошол учурдан тартып 48 саат өткөнгө чейин тез арада жана кандай учурда болбосун кармалышынын мыйзамдуулугу жөнүндө маселени чечүү үчүн сотко жеткирилиши керек.
5. Кармалган ар бир адамга, токтоосуз түрдө, кармоонун жүйөлөрү менен анын укуктары түшүндүрүлүп, медициналык жактан кароо жана врачтын жардамынан пайдалануу мүмкүнчүлүгү жана укугу камсыз кылынышы керек, деп жазылып турат, бул берене реалдуу турмушта кандай иштеп жатат?

Айжан Касымалиева:

Учурда бул беренелер толук аткарылып жатат дегенден алысмын. Анткени, жарандардын укуктары көп бузулуп, мыйзам менен корголбой жатат. Көп учурда жарандар мыйзамсыз кармалууга дуушар болууда. Анан кармалган учурда жарандар кимге кайрылышарын билишпей, өз убагында юридикалык жардам ала албай калышат. Көпчүлүк учурда каржы маселеси да жарандардын мүмкүнчүлүгүн чектеп коюп жатат. Жарандардын эсине салып кетели, учурда адвокаттардын укуктары кеңейип, статусу жогорулады. Эгер кандайдыр бир укуктары бузулуп, мыйзамсыз иштер болуп калса бизге кайрылышса юридикалык жардам беребиз.

-Мыйзамсыз кармоо боюнча түшүндүрмө берип кетсеңиз?

Айжан Касымалиева: 

Эми мыйзам боюнча эч ким соттун чечимисиз 48 сааттан ашык мөөнөткө кармалышы мүмкүн эмес. Анан дагы адам убактылуу кармоочу жайда 1 жылдан ашык да отурбашы керек. Бирок ошого карабай СИЗОлордо канчалаган жарандар 2-3 жылдап мыйзамсыз кармалып турушат. Ушул көрүнүштүн баарын  Башкы прокуратура көзөмөлгө алыш керек болчу, бирок көзөмөл жакшы болбой жатат.

-Жыл сайын Кыргызстанда кылмыш ишине мыйзамсыз 300дөн ашык адам тартылат экен. Бул үчүн кимдер жооптуу? Мыйзамсыз иш козгогону үчүн прокурорлор же тергөөчлөр жоопкерчиликке тартылгандар барбы?

Айжан Касымалиева:

Жок, менин практикамда болгон эмес. Иш убагында чечилип калса жарандарыбыз ошого сүйүнүп, укук коргоо органдары менен касташкысы келбейт. Себеп дегенде жарандар прокуратура, тергөө органдары менен соттошуудан коркушат.

-Өзүнүзүн окуяныз жөнүндө айтып өтсөңүз?

Улан Орозов:

Биз, иним экөөбүз машина менен кетип баратып милициянын подполковниги Э.Эдилов менен жол талашып кетип, анын кесепетинен Эдиловдун унаасын чийилип калат. Биз күнөөлүү деле эмес болчубуз, бирок ага карабай Э.Эдилов өзүнүн кызматтык абалынан пайдаландыбы, айтор бизди өкүм зордукка алды. Жыйынтыгында ортодо чоң чыр чыгып кетти. Мына арада 3 ай өтсө дагы,  күнөөсүз болсок да өз укугубузду коргой албай келебиз.

-Эч себепсиз кармагандан кийин моралдык жактан зыян тартканы үчүн, ал кишиге кун төлөнүп берилиш керекпи?

Айжан Касымалиева:

Эгер күнөөлөрү чындап далилденсе, күнөөлүү тарап баардык моралдык, материалдык чыгымдарды төлөп бериши керек мыйзам боюнча.

-Сиздерге мыйзамсыз кармоо боюнча жылына канча жаран кайрылат?

Айжан Касымалиева:

Мурунку жылдарга салыштырмалуу аз. Себеби жарандарыбыз бир азда болсо өз укукугун билип башташты. Бирок толук кандуу эмес.

-Ушундай эч себепсиз күнөөсү жок, жабыр тарткан адамдарга мамлекет кийин жардам береби? Толук кандуу жашоого кошуу процессинде?

Айжан Касымалиева:

Сөзсүз түрдө жардам берилиши керек. КРнын Конституциясында так көрсөтүлгөн, ар бир жарандын укугу бийик жана укуктары эч качан бузулбашы керек деп.

Бул программа Бириккен улуттар уюмунун өнүктүрүү программасы (БУУӨП) жана Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин “КРдеги сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү” жана БУУӨПтүн “Туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу максатында укуктун улуктугун жана сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү” долбоорлорунун колдоосунда даярдалды.

Марал ФМ, 11.01.2016

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*