Абактан чыккандар менен оорулуу балдар бир имаратта. Коопсуздук үчүн ким жооп берет?

1imarat

Тубаса омуртка оорулуу төрөлгөн балдардын ден-соолугун калыбына келтирүү борборунда заманбап жабдыктар жок, имараттын эскилиги жетип, авариялык абалда. Мекемеге караштуу  жер тилкелери жеке менчикке өтүп кеткен. Эми буга кошумча болуп имараттын биринчи кабатына Жаза аткаруу башкармалыгынын каттоо бөлүмү жайгаштырылып, кооптонууну жаратууда.

Борбордо көйгөй көп:: омуртка дарты жана тубаса шал илдети менен жабыркаган балдарды дарылоо үчун  заманбап медициналык жабдыктар жок. Совет доорунан бери кызмат өтөгөн аппараттар иштебей калган.

“Борбор ачылганда алынган аппараттар эбак эле иштебей калып, адистер мануалдык терапия жана башка процедураларды өз колдору менен жасап келишет. Албетте, эффективдүү жабдыктар болсо,  балдар тезирээк сакаймак”,-дейт дарыгер Зарипа Акматова.

Имарат капиталдык ремонтко муктаж, эшик-терезелери сынык, эмеректердин да жарамдуу мөөнөтү өтүп бүткөн. Жаш балдардын мындай шартта дарыланып жатканы ата-энелерди тынчсыздандырбай койбойт.

“Дарыгерлерге кйын, бизге андан да оор. Балдарыбыз айыкпас дарт менен төрөлгөндүктөн, көп убактыбызды ушул борбордо өткөрөбүзМындагы шарт начар”,- дейт бейтаптын апасы Манзура Абсултанова.

Бул  медициналык мекеме Ош шаарынын борборунда жайгашкандыктан, бизнеске ынгайлуу жер. Андыктан өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарын майып балдардын ден-соолугунан  жогору койгон аткаминерлер кызматтык абалдарынан пайдаланышып, мекеменин аймагын жеке менчикке өтүп кетишине жол берип коюшкан. Айрым тилкелер жетекчи адамдардын өздөрүнүн атында. Бир кезде борборго 1 гектардан ашык жер тилке таандык болсо,  учурда эски имарат турган жер гана калып, калган 11 объект сатылып кеткен.

Реабилитациялык борбордун мурдагы башкы дарыгери Сайрагүл Кыштообаеванын айтымында, Жантөрө Сатыбалдиев Ош шаарынын мэри болуп турган мезгилде борбордун ашканасы өзүнө өткөрүп алган.

“Мына, силер көрүп турган чоң имарат Жантөрө Сатыбалдиевдики, ал эми бул жагында кафе салынып бүттү. Бул мурдагы вице-мэр Таалай Сабировдуку. Аркадагы балдардын мончосу болуп турган жер да сатылып кетиптир, Абдувахап Нурбаев алыптыр дешти. Ал мейманкана салам деп, биз нааразылык көтөргөн соң, салуудан баш тартты көрүнөт”,-дейт Кыштообаева.

Жакындан бери бкызматкерлерди жана бейтаптарды кооптонудурган дагы бир көйгөй жаралды. Борбордун биринчи кабатында Жаза аткаруу башкармалыгынын мөөнөтүн өтөп чыккан кылмышкерлерди каттоо бөлүмү иштей баштаган. Бул жайга кайрылган адамдар – кылмышкерлер, шектүүлөр корродордо ооруулуу балдар менен аралашып эле жүрүшөт.  Мындай көрүнүн балдар үчун кооптуу жагдай жаратышы мүмкүн дешет дарыгерлер.

“Эми мурун түрмөгө отуруп чыккан адамдар келишет, араларында баңгилер бар. Айрымдарынын жүрүм-туруму кооптонтот.  Бизде өспүрүм кыздар бар, алар түнкүсүн апалары менен жалгыз калышат. Кокус бир нерсе болсо, ким жооп берет? Алар – майып балдар, өздөрүн коргой алышпайт. Бөлүмдүн көчүп кетишип талап кылып жатабыз”,- дейт Зарипа Акматова.

Белгилей ктесек, борбордун имаратынын арт жагында жеке менчик оорукана иштеп жатат. Ошондой эле кафелер жана авиакассалар жайгашкан. Эми жаза аткаруу башкармалыгынын бөлүмү жайгашты.

Мыйзамсыз сатылган жерлер боюнча иш 2006-жылы сотко жиберилген. Бирок эч кандай жылыш жок. Менчик ээлери  чоң кызматтарды ээлеп тургандыктан, медициналык кызматкерлер  жер тилкелеринин борборго кайтарылышынанк күмөн санап жатышат.

БУУПӨПтүн “Кыргыз Республикасында сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү” жана “Туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу максатында Укуктун улуктугун жана сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү жакшыртуу” долбоорлорунун алкагында даярдалды.

Жанна Аскарова, Азаттык үнү, Ош, 11.01.2016,
Макаланын дареги: http://vof.kg/?p=29472

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*