Абдибаап Назаров-Баткен шаардык аксакалдар кеңешинин төрагасы, Аксакалдар сотунун катчысы: Үй бүлөдөгү чыр чатакты сотко жеткирбей чечкенге аракет кылабыз

Үй бүлөдөгү чыр чатактан улам  ажырашуулар боюнча укук  коргоо органдарынан алынган статистика ар бир адамды ойлондурбай койбойт. Чындыгында үй бүлөлөрдүн эки айрым жолго түшкөндөрү көп болууда.  Анын айынан бей күнөө балдары жапа чегип калууда. Ушул сыяктуу үй бүлөдөгү чыр чатактарды ажырашууга жеткирбей, аларды оң жагына чечүү үчүн аксакалдар соту иш алып барып келет.

Жыл башынан бери майда барат кайрылууларды эске албаганда 20дан ашуун орчундуу кайрылуулар болду. Биз алардын копчулугуно оозеки багыт берсек,орчундууларын комисияда карайбыз дейт аксакалдар сотунун катчысы Абдибаап Назаров.

Аксакалдар сотунун катчысы Абдибаап аксакалдын айтымында  үй бүлөдө чыр чатак чыкса, бири бирине зомбулук көрсөтүп жатса дароо эле милицияга кабарлап, же кызуу кандыкка алдырып сотко жетип барышат.

Туура кимиси болсо да өз ден соолугунан же өмүрүнөн кооптонуп жатса укук коргоо органдарын жардамга чакырган туура. Бирок ажырашуу жөнүндө  дароо эле чечим кабыл алуу туура эмес да. Ошондуктан биз  үй бүлөлөрдүн ажырашуусуна жол бербөө  максатында шаардык ички иштер башкармалыгы менен тыгыз иштешебиз. Аларга кандай гана үй бүлөдөгү  чыр чатактуу окуялар катталса, алар бизге кат жүзүндө кайрылышат. Ушул үй бүлөнүн маселесин карап бериңиздер деп. Анан биз аксакалдар сотунун мүчөлөрү окуянын катышуучуларын чакырып алып, чыр чатактын себептерин аныктайбыз. Жыйынтыгында көпчүлүгү оң тарапка чечилет. Ал дегеним ажырашуунун алдында турган үй бүлөлөргө аксакалдар акыл насаатыбызды айтып, аларды кайра чогуу жашоосуна түрткү беребиз. Ар биринен түшүнүк кат жаздырып алып, токтом жазабыз. Жыйынтыгын ШИИБне беребиз деп кошумчалады А.Назаров.

Бизге укук коргоо органдарынан да акыйкаттык таппай кайрылгандар бар дейт Назаров.  Өкүнүчтүүсү ушундай өнүккөн заманда жашап жатсак да, өзгөчө жаштардын арасында укуктук сабаттуулуктун жоктугунан турмуштун кыйын кырдаалына түшкөндөр бар. Бизге күйөөсү менен кайинсиңдиси үйдөн кууп чыккан келин келди, ыйлап. Жолдошу экөө чогуу түтүн булатып, төрт балалуу болуп, үй жай салышкан. Бирок күйөөсү үйдү аялына билгизбей карындашынын атына документтештирип коюптур. Бир күнү  жубайлар пикир келишпей ажырашууну чечкенде ал келинди үйдөн кууп чыгышыптыр. Ал турак жайды талашайын десе нике күбөлүгү да жок экен. Ушунча жыл нике күбөлүк албай эле жашай берген экен. Ал келин сотко кайрылыптыр, бирок сот анын  турак жайда акысы жок экендиги жөнүндө чечим чыгарат.

Туура мыйзамга баш ийишибиз керек. Бирок адамгерчиликти да унутпашыбыз керек да. Келиндин кайрылуусунун негизинде биз бул ишке кийлигишип, анын жыйынтыгында 20 сотых огороддун жарымы  жана бир баласы келинге бериле турган болду деген маалымат алдык дейт Назаров.

Албетте эл арасында ар кандай маселелерин чече албай,кимге кайда кайрылаарын билбегендер бар.Мындай учурда Аксакалдар сотуна кайрылгандарга алар  багыттама берээрин айтышат. Ал учун 036 22  5 06 30 телефондоруна кайрылса болот.

БУУПӨПтүн “Кыргыз Республикасында сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү” жана “Туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу максатында Укуктун улуктугун жана сот адилеттигине мумкунчүлүктү жакшыртуу” долбоорлорунун алкагында даярдалды.

Чолпон Бердикулова, Баткен таңы, 04.01.2016

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*