Тагдырдын тайгүлүк ташы

tash

Айрым учурда аялдар “башка салганды көрө жатаарбыз” деп,  башын жерге салып жүрүп, аярлап-аңдабай эле, туш келди турмуш жаңырта берээри жаңылык эмес.  Биздин бүгүнкү каарманыбыз Жибек үч жолу нике жаңыртып, бирок дагы айрылыш жолдо, же мурунку үч баласын колуна ала албай, же кийинки күйөөдөн жок, алапайын таппай турган чагы экен.

“Кайненем каршы эле”

– Бир кезде бир бүлөнүн эрке кызы элем. Мындай турмушка кабылам деп үч уктасам түшүмө кирген эмес. 1996-жылы Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун айылдарынын бирине турмушка чыктым. Экөөбүз эки жыл сүйлөшүп жүрүп, турмуш курдук. Ал беш бир туугандын кичүүсү эле. Мени ала качып барганда апасы жактырбай, биздин турмуш курушубузга каршы чыккан. Бирок сүйүүм үчүн, бактым үчүн башымды ийип жашап келдим.

Кайненем жактырбай жүрүп, акыры баласынын чечимине макул болду окшойт. Кайненем урушканда аябай заарканаар элем. Бирок бир да жолу башымды өйдө көтөрүп, сөз кайтарбадым. Апасынын мени көп жактыра  бербегени акыры баласына таасирин тийгиздиби, айтор жолдошум да кийинчерээк кол көтөрө баштады. Үч балалуу болдук. Бирок кайненем менен күйөөмдүн мага жасаган мамилеси эч өзгөрүлгөн жок. Ал ортодо күйөөм көңүлдөш күтүп, ар кайсы келиндер менен жүрүп кетти. Ага деле көз жумдум.

Күйөөм беш балалуу аялга баш кошту

– Бир күнү үй оокаттары менен алектенип жүрсөм,  кайнагам келип “келин бала, инибизге башка аял алып беребиз. Балдарды ташта да, өзүң кетип кал” десе болобу! Кайнагамдан мындайды күтпөгөн жаным, дендароо болуп калдым. Андан бир апта өткөндөн кийин беш кызы бар келинди жетелеп келип, “Буга үйлөнөм” деп айтты. Кайненем ага макул болуп, менин үйдөн чыгып кетүүмдү талап кылды. Акыры айла жок, тагдырыма баш ийип, үйдөн чыгып кеттим. Алар балдарымды да бербей коюшту. Кимге кайрылып, балдарымды талашуунун жолун билбедим. Азыр балдарымдын улуусу жогорку окуу жайынын 1-курсунун студенти. Үч балам тең акыл-эстүү болуп чоңоюшту.

Экинчи никемен да бак айтпаптыр

– Арадан эки жыл өткөндөн кийин Аман менен таанышып калдым. Анын мурунку никесинен колунда эки баласы бар экен. Ал “үйлөнөлү, нике кыйдырып алалы” деген сунушун айтты. Ошентип бизге нике кыйылды.  Башта Аман мага ак көңүл, боорукер, жароокер, жан адамга катуу айтпаган назик жандай көрүнгөн. Баш кошкондон кийин мамилеси башкача болуп, муздап, ичип келип, кол көтөрө баштады. Бир жолу үйдө апам бар эле. Аман адатындагыдай мас болуп келип  мени ашата сөгүп, апамдын “кой, ай” дегенине болбой, көгала кылып сабады. Апам такси чакырып, кийимдеримди чогултуп, мени үйгө алып кетти.

Эртеси эч нерсе болбогондой үйгө келип: “Апа, кечирип койгула! Мен ит болдум! Экинчи кызыңызга кол көтөрбөйм” деп убада берип, мени кайра алып кетти. Биз үйгө барган күнү кечинде кайра ичип келип: “Апаң кыйын болуп алып кетпеди беле, кайра эмнеге жиберди” деп, кол көтөрдү. Ал уктаганда ары ойлонуп, бери ойлонуп, бирге жашоого болбой калганына көзүм жетип, Бишкекке сапар тарттым.

Динге берилип, бизди таштап кетти

– Бишкекке келгенимде мени жыргал жашоо күтүп турган жок. Же жашаган жерим, же иштеген ишим жок, аябай кыйналдым. Акыркы акчама батир алып, өлбөстүн күнүн өткөрүп аттым. Акырындык менен бир кафеге ашпозчунун жардамчысы болуп орношуп, ичкен-жегеним оңолуп калды. Билинбей эки жыл өтүп кеткен экен. Бир күнү жумуштагы эже “Менин бойдок иним бар. Керилген неме. Турмуштан жолу болбой жүрөт. Балким, экөөңдү тааныштырып коермун” деп калды. Эженин иниси менен тааныштым. Эженин айтканындай эле шыңга бойлуу, тармал чачтуу, келишимдүү экен. Экөөбүздүн ортобуздагы мамиле күндөн-күнгө күч алып, акыры үйлөнүп алдык. Убакыт куштай учуп, уулдуу болдук. Балалуу болгондон кийин ал мен ойлогондой, көзүмдүн агы менен тең айланып жүрдү.

Бирок бактылуу күндөрүм узакка созулбады. Бул күйөө ичимдик ичпегени, мени урбаганы менен, башка жагынан кырсык тооруду. Ал динге берилип, намаз окуй баштады. Бирок мунун эмнеси жаман дээрсиздер. Ал намаз окугандан бери мага болгон мамилеси өзгөрүлүп, мени менен жашабайм дей баштады. Себебин сурасам, өзү деле билбейт. Акыры жолдошум “мен сени менен жашай албайм” деп оокаттарын чогултуп алып, үйдөн чыгып кетти. А мен тагдырыма моюн сунуп, уулумду кучактап, шолоктоп ыйлап кала бердим. Бирок биздин никебиз бузула элек. Каякка кайрылып ажырашуу керектигин да билбей, башым ман.

Тагдырга айла жок экен. Биз канчалык аракет кылсак дагы, тагдыр, убакыт өзүнүкүн алып тынат экен. Азыр арамынмды кимге барып айтаарымды,  кимден кеңе сурарымды билбейм…

 

aselАсел АСАНАЛИЕВА, “Сезим” кризистик борборунун юристи:

“Никени токтотсо болот”

– Жибектин тагдыры оор экен. Биринчи күйөөсү менен ажырашканда балдарын өзүнө алууга толук мүмкүнчүлүгү бар эле. Ал үчүн сотко арыз менен кайрылыш керек болчу. Сот КРнын Үй-бүлө кодексинин “Ата-энелердин укуктары менен милдеттери” деген аталыштагы 13-бөлүмүнүн “Ата-энеси эки башка турган учурда балдардын жашай турган жери ата-энелердин макулдашуусу менен белгиленет. Макулдашуу жок болгон учурда ата-энелердин ортосундагы талаш-тартыш балдардын кызыкчылыгын көздөө жана балдардын ой-пикирин эсепке алуу менен сот аркылуу чечилет. Мында сот баланын ата-энесинин, эркек менен кыз бир туугандарынын ар бирине жакындыгы, баланын жашын, ата-энесинин ыймандуулук, дагы башка жекече сапаттарын, ата-эненин ар бири менен баланын ортосундагы башынан келаткан мамилелерди, баланы тарбиялап өстүрүү шарттарын түзүү мүмкүнчүлүгүн эске алат” деген 70-беренесинин негизинде маселени чечип бермек.

Ал эми үчүнчү күйөөсү менен иши чатак экен. Бул жерде башка да маселе болушу ыктымал. Алар КРнын Үй-Бүлө кодексинин “Никени токтотуу үчүн негиздер” деген 17-беренесинин негизинде никесин токтотсо болот.

Бул материал Бириккен улуттар уюмунун Өнүгүү программасынын жана Финляндиянын тышкы иштер министрлигинин «Кыргыз Республикасында сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү» жана «Туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу максатында Укуктун улуктугун жана сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү жакшыртуу» долбоорлорунун көмөгү менен даярдалды.

Кымбат ТУРДУБЕКОВА, Полит Клиника, 17.12.2015

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*